www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 10-11-марттарында Кыргызстандын аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: 10-мартта мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, 11-мартта мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетиши күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт.
11-мартта жана 12-мартта түнкүсүн абанын температурасы төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -8…-13°, күндүз -1…-6°, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -8…-13°, күндүз -2…-7°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз -1 сууктан…+4° жылуулукка чейин, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -7…-12° суук, күндүз -3 сууктан…+2° жылуулукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -11…-16°, күндүз -2…-7°, республиканын тоо этектериндеги райондорунда түнкүсүн -10…-15°, күндүз -2…-7°, тоолуу райондорунда түнкүсүн -11…-16°, күндүз -8…-13°, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -17…-22°, күндүз -8…-13°, бийик тоолуу райондорунда түнкүсүн -23…-28°, күндүз -6…-11° суукка чейин төмөндөйт.
Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Катуу жаан-чачын жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, унаалардын кыймылдоосун кыйындатат.