www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев тизмелеп алып келген парламент, Атамбаевдин кол тийбестигин алып, эч кимге унчукпай каникулга тарап кетишти. Сокку жесе бийлик жесин дешсе керек. ИИМ Атамбаевди эки ирет “килемге” чакырды. Лекин, Атамбаев аны көзгө илген да жок, ким Атамбаевге сөз кайрый алмак эле, эртең кокустан ал бийликке кайра келе турган болсо “кашасы” чыкпайбы?

Акыркы мезгилдерде Атамбаевдин эле кыйкырыгы угулуп турду, күндүн ысыгынан тажадыбы же капчыгынан кетип жаткан акча-каражаттары ичин оорутуп жибердиби жанындагы “акча алып колдоочуларын” 2 айга күзгө чейин таратып жиберди.

Демек, күзүндө тытышуулар башталабы:

1.  Албетте, акча алып шынаарлашып калгандар Атамбаевди көздөй безеленип келишет. Жанына да бирден-экиден акча алып оокат кыла тургандарды ээрчите келет. Тыянак чыгарсак, “акча алып” Атамбаевди колдоочулардын саны көбөйөт.

2. Атамбаев мага балык ташып жүрчү деген Исхак Масалиев, Бишкектин тегерегинен президент шайлабаш керек деп “балп” эттирип таштады. Балким, жаны күйгөндөн айттыбы, анткени башка аймактагылар чогулуп Бишкекке келип, жолдон тосуп убара болушса болушар. Бишкектин тегереги ыкчам, тез чогулат. Муну да бийлик эсине алып коюшу керек. Исхак Апсаматович көп жылдан бери парламент депутаты, спикер, фракция жетекчиси болгон. Ошондуктан ал жакшы билер Конституцияда бардык кыргыз жаранынын укугу бирдей, Бишкектин тегереги болобу, алыс болобу эч кимди президент болуу укугунан ажырата албайт.

3. Атамбаевдин башка президенттерден айырмасы медиа-менеджерлердин сөзүн укпайт, бир гана Мээрбек Мискенбаев сыяктуу дөөрүгөндөрдүн сөзүн угумуш болуп калат. Ушул чектен чыккан сапаты үчүн көпчүлүк мамлекеттик ишмерлер терс бурулуп кетти окшойт.    

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости