www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пусан шаарында 13 миң Атамбаевге окшогон мульти-миллионери бар. Түштүк  Кореянын атка минерлери, депутаттары калдайган “жол тандабастарды” тандабайт,  кичинекей автоуналар, “лесипеттер” менен эле жүрүшөт. Бийликке мээси иштегендерди тандашат, бизге окшоп сабатсыз болсо да парламентке алып келишпейт. Ошондуктан алар мыйзамдарын натыйжалуу иштетип элин баш ийдирип, тартип орнотуп Кореяны өнүктүргөн. Коррупция кылган президентин Түштүк Кореяда коркпостон камап салышкан.

Жолду тоскон кортеж жок.Эли аябай мээнеткеч, эртең менен 4 жарым 5те турушат. Дүкөндөрүндө бүт Кореянын азык-түлүгү, мингени 95 пайыз корея автоунаалары, корей тилинде гана сүйлөшөт.

 Экономикасы бай, коопсуз өлкө, метросу ааламда экинчи орунда, аэропорту биринчи орунда,  эң узун деңиз үстүндөгү көпүрө ушул жерде. Гиннес китебине кирген эң чоң  супермаркет, интернет акысыз, ошол жерде. Ал жакта биздикиндей жыбыраган тойкана жок, үйлөнүү үлпөтүн ЗАГС, кортежи жок эле 10,15 адам бир столдо отуруп бүтүрүп коюшат, өлүмдө такыр ысырап жок. Бүт эле завод, фабрика,күнөөскана, чакан ишканалар.

Мектепке жана окуу жайларга окуучу ,студенттер эч окуудан калбай такай катышат. Мектептерде тазалыкты  окуучулар өздөрү кылышат. Маданияты абдан өнүккөн, ал эмес жеткинчектер таштанды таштабайт. Ал жакта үндү бийик чыгарып сүйлөөгө да болбойт, уруксатсыз видеого,сүрөткө тартууга да болбойт. Ууру, алдап кетүү, уруп кетүү, өлтүрүп кетүү деген жок. Кореяда ажаткана акысыз, ал тургай метродо да акысыз жана таза .

Автоунаа айдоочуларынын маданияты да өнүккөн сигнал баспайт, жөө адамдарды сыйлашат. Пара берүү, пара алуу дегенди билишпейт. Талаага мал жайбайт, жаратылышы өтө кооз. Аймагы биздин Кыргызстандай. Биздин кореялыктардан бир жерибиз кемби, эмнеге биз өнүгө албай жатабыз? Түштүк Кореянын премьер - министри Ли Нак Ен 17-июлда расмий сапары менен Кыргызстанга келет экен? Балким жакшы нерселерин үйрөнүп каларбыз?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

 

Последние новости