www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаевдин заманында супер жасакерине айланган Бабанов деген парламенттик “желдет” бар. Калп айтуу боюнча абсолюттук чемпиондон өйдө Бабанов, жалган убадаларды берип жатса, эч ким чыдап тура албай ага добуш салып жиберет. Атамбаевдин заманында эле Бабановдун айткан калптарын эсептесек кырк эшекке жүк болот. Атамбаевдин жасалма оппозициясына айланган Бабанов элди алдоонун устаты катары, ар бир айылга спорттук комплекс куруп, көпчүлүк айылдын мектептерин жаңыртып, таза сууну шорголотуп ар бир үйгө кийирип жиберген. Бабановдун калпы ишке ашса, эл жыргап жашамак. Кана, аттиң анын бири аткарылбай, шайлоо бүтөрү менен куйругун кыпчып Бабанов тескери бурулат да, өзүнүн камын ойлой баштайт:

  1. 2005-жылы апрелде Бакиевге каршы чыккан Куловдун республикалык штабын Атамбаев жетектесе, Бабанов “жүгүрмө пешка” кызматын аркалаган. Кулов экөөнү тең “кидать” этип кеткен.
  2. 2007-жылы декабрда Бабанов Атамбаевдин КСДП партиясынын республикалык штабын жетектеген. 11 мандат алып ЖКга өтүшкөнү менен Казак Республикасынын жараны катары Бабановду парламентке жолоткон эмес. Бабанов Казакстан менен Кыргызстандын жарандыгына ээ. Мыйзам боюнча башка өлкөнүн жарандары депутат болууга тыюу салынган.
  3. 2009-жылы июлда президенттик шайлоодо биринчи вице-премьер Бабанов президентке талапкер Атамбаевге каршы чыккан.
  4. 2010-жылы октябрда Казак Республикасынын жараны Бабанов КСДПдан кетип “Республика” партиясы менен шайлоого катышат. Шайлоодо өтүп КСДП, “Ата-Мекен” үчөөнүн түзгөн коалициясы былжырап суу кечпей калат. “Ата-Журт” партиясы ЖКны таратпай коалиция түзүп, Атамбаев менен Бабановду сактап калган.
  5. 2011-жылы президенттик шайлоодо Атамбаевди колдоп, далдалактап жүргөн Бабанов премьер-министрлик орунду алып, “Ата-Мекен” партиясынын мародерчулугун каза баштайт. Бабановду “Ата-Мекен”, “Ата-Журт” жана “Республика” партиясынын фракция жетекчиси Канат Исаев Түркиядан белекке келген аргымактын айынан өкмөт башчысынан оодарат. Баса, ошол кездеги премьер-министр Дмитрий Медведев дале жүрөт өкмөт башында. Ошол кездеги элге 7% агрокредит берем деген кабат-кабат убадалары ушуга дейин аткарылбаган бойдон келет.
  6. 2012-жылы жергиликтүү шайлоодо Бишкек шаары баштаган бардык жерде Бабанов Атамбаевдин КСДПсына таянып алып экинчи орунда келет.
  7. 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо Атамбаевдин КСДПсы 38 мандат менен биринчи орун, Бабановдун Ташиев менен биригип түзгөн РАЖы 28 мандат менен экинчи орунда келет. Парламентке келер менен тең төрага Ташиевди “кидать” этет.
    Ал ишенимсиз жолдош. Ким менен коюн-колтук алышып жүрүп иши оңолуп бийликке жетсе, дароо баарын сатып кеткен. Маселен, Шаршенбек Абдыкеримов (Шаки), Канат Исаев, Бакыт Төрөбаев, Алтынбек Сулайманов жана чоң саясый таасирге ээ “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиевди кантип талаага таштап кеткени баарына белгилүү. Бул саясатчылардын баары Бабановдун бал тилине алданып калгандар.
  8. 2017-жылы жайында президенттик шайлоо алдында өзүн рейтинг боюнча 30 пайызмын, Сооронбай Жээнбеков рейтинг боюнча 3 пайыз деген жалган ушак таратат.
  9. 2017-жылы сентябрда  Утемуратов Булат менен оозеки келишимдин негизинде Астанада өткөн “Көкпар” боюнча мелдеште кыргыз оюнчуларын жасалма утулууга дуушар кылат. Ушунун негизинде ал кездеги казак президенти Нурсултан Назарбаевдин өзүн шайлоодо колдоого тартып, казак олигархтарына таянып, кыргыз электоратына каршы чыгат.
  10. Чечен улутундагы Бажаев сыяктуу олигарх досторуна эң кымбат улуттук баалуулукка ээ “Жерүй” алтын кенин болор болсо акчага сатып жибергени белгилүү. Келечекте да улуттук байлыктарды ит бекер сатып жибереринен күмөн саноого болбойт.
  11. Буга чейин ал жалаң мамлекеттик кызматтарда иштеп келди. Ошол эле учурда мамлекеттик кызматкер жөнүндө мыйзамды бузуп, премьер-министр кезинде “Манас” аэропортун авиакеросин менен камсыздагандыгы үчүн мыйзамсыз негизде жыл сайын 100 миллион доллар киреше таап турган. Жалаң өзүнүн контрабандалык каттамдагы бензин ташыган автоунаалары өлкөнүн түндүк-түштүк кан жолдорун бүгүнкү талкаланган абалга жеткирди. Ал эми кредитке курулуп жаткан жолдор – эртең элдин мойнуна илинээр карыз! Бабанов болсо 20 жылдан бери экономикабыздын күрөө тамыры болуп эсептелген жолдорду талкалатып тына элек.
  12. “АКБ Кыргызстан” банкын Ш.Садыбакасовадан рейдерчилик менен тартып алганы дайын. Военно-Антоновкадагы Э. Сурабалдиеванын авторыногун рейдерчилик жол менен басып алган.  Төмөнкү проценттеги элге бериле турган кредиттерди өз банктарында айландырып, элге аны эң жогорку процентте таратып келет. Жеңилдикке бөлүнгөн 17 миллион долларды алган, бул акча негизинен Кыргызстан-Россия өнүктүрүү фонду тарабынан айыл чарба жана өндүрүштүү колдоого бөлүнгөн акча. Бирок Бабанов Кыргызстандын стратегиялык тармактарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн бул акчаны өзүнүн жубайы иштеткен супермаркеттерди өнүктүрүүгө колдонуп келет.
  13.  Сокулук районундагы наркы 5 миллион АКШ долларын чапчыган ВОССТ нефтебазанын кожоюну Хон В. аттуу жаранды Бабановдун жалданма бандиттери уруп-согуп, рейдерчилик менен аталган жарандын менчик мүлкүн тартып алышканы маалымат каражаттары аркылуу белгилүү.
  14. Кыргызстанда күйүүчү май (ГСМ) сатып тапкан кирешесин Бабанов сыртка чыгарып, Пензада (Орусия) 300 миллион долларга өзүнүн цемент заводун курдурду. Тактап айтканда, өз өлкөсүнөн тапкан кирешесин башка өлкөнүн экономикасынын пайдасы үчүн сыртта иштетүүдө. Кыргызстанда болсо бир да завод, бир да өндүрүштүк ишкана куруп, элди иш менен камсыздоо аракетин кылган эмес.
  15. Ал бүгүн өлкөнүн эң алдыңкы бай адам экенине карабастан бир да мектеп, бир да бала бакчага өз чөнтөгүнөн акча чыгарган фактылар табылбайт. Элге тил эмизе келгенде алдына киши салбайт, ал эми аткарганга келгенде жок.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости