www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2018-жылдын 2-июлунан 2019-жылдын 25-октябрына чейинки мезгилде «Жалпы мамлекеттик иш-чаралар – укук коргоо органдарынын бирдиктүү депозиттик эсеби» деген бирдиктүү депозиттик эсепте 1 млрд. 668,5 млн. сом топтоштурулду. Бул тууралуу   Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Атап айтканда:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына – 769 092 413,61 сом;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен – 313 291 977,11 сом;

- Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынан 597 044 903,59 сом;

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинен 7 085 821,72 сом келип түштү.

Эске сала кетсек, бул эсеп экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу жана топтоштуруу үчүн ачылган.

22-июнда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачуу боюнча токтомго кол койгон.

Булак: NazarNews.kg
 

 

Последние новости