www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда жогорку кызматтагы аткаминердин 12 миллиард суму (1 миллион доллардан көбүрөөк), 43 автоунаасы, 14 батири, 172 дүкөнү жана 37 кыймылсыз мүлкү камакка алынды. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды.

Кеп Жизак облусунун жетекчисинин мурдагы орун баасары Акрам Рахмонкулов тууралуу болуп жатат. Ал аталган кызматка 2018-жылы дайындалып, бир нече жыл ичинде бюджеттен миллиарддаган акча уурдап алууга жетишкен. Маалыматка караганда, ал өзүнүн тааныштарын майлуу-сүттүү кызматтарга дайындап жүргөн.

Ага каршы иликтөөлөр ушул жылдын январь айында башталган. Буга Рахмонкуловдун туугандары башкарган компания курган көп кабаттуу үйдүн бузулушу себеп болгон. Курулуш компаниясы тендерди мыйзамсыз жол менен утуп алганы аныкталган. Кийин аткаминерге бюджетке кол салуу, кызматын кыянаттык менен пайдалануу сыяктуу айыптар тагылып, өлкө президенти Шавкат Мирзиёев аны чыккынчы деп атаган.

Ал азырынча мүлктү уурдап алуу, салык төлөөдөн качуу, кызматынан кыянаттык менен пайдалануу сыяктуу беренелер боюнча күнөөсүн мойнуна алган.

Өзбекстандын Жогорку сотунун сайтында жарыяланган маалыматтарга караганда, ал 7,5 жылга эркинен ажыратылып, 10 миң доллар төлөп бермей болду.

Бул иште фигурант катары аткаминердин бир туугандары жана уулу өтүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости