www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эркиндикте жүргөндө бакылдап, ыгы келсе-келбесе деле бийликти сындай берген Бактыбек Калмаматов камалганы духу түшүп, мизи майтарылып калганын орган кызматерлери айтат.

Көчүгү түшкөн аюудай эле бакыра берсе, саясый рейтинги көтөрүлбөсүн, көпчүлүккө жек көрүнөөрүн “балакай” кеч сезди окшойт. Мейли, бийликти сындай берсин, бирок улуттун маселесине келгенде, сырткы күчтөргө сыр алдырып, колтук ачып, ичтен иритүү акылга сыйбайт! Бул жагынан анын айткан сөздөрү дыкат чечмеленсе керек (чек ара ж.б. маселелер)...

Натыйжада, колдогон катмары деле аз тура. Кичине чуулдап барып, тып басылышты. Жыйынтыгында, эркиндик эң жогорку баалуулук экенин Калмаматов сезип, өткөн катачылыктары үчүн өкүнгөнүн кайда жашырабыз? Соңку маектеринде “мени камагыла, өзүм барып отуруп берейин” деп да кыйынсынган.

“Пенденин оозунда, Кудайдын кулагында” дегендей, эңсеген кыялы ишке ашып, түрмөдөгү жашоосу уланууда. Эми кичине акылына келип, токтолуп, турмушту түшүнө баштаса, буюрган күнү камактан чыгышы мүмкүн. Анүчүн адам болушу керек да. Ойлонбой эле одураңдай берсе кимге жагат?

Булак: Азия News гезити

Последние новости