www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаанын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана шаардык кызматтардын жетекчилери менен муниципалитеттин 31-декабрдан 1-январга караган түнү Жаңы жылды тосууга даярдыгы боюнча жыйынтыктоочу кеңешме өткөрдү.
Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, кеңешменин жыйынтыгында шаардыктардын ыңгайлуулугу үчүн эртең, 31-декабрда, жаңы жылдык экспресс-автобустар жана троллейбустар, ошондой эле кичи автобустар каттай турган болду.
Такталгандай, маршруттук каттамдар тууралуу маалымат кошумча берилет.
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын коопсуздукту сактоону, петарда жана башка пиротехникалык буюмдарды колдонуудан баш тартууну жана жеке буюмдарга өтө этият болууга чакырат.
Булак: NazarNews.kg