www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы ката менен чыккан аттестаттар алмаштырылып, бир кызматкер жумуштан алынды. Бул тууралуу “Учкун” ачык акционердик коомунун директору Дайыр Кенекеев билдирди.

“Жумушта каталар болот экен, 222 миңдин ар бирин текшерип чыга албайт экенбиз.”Среднюю реднюю” деген каталары менен 24 даана аттестат чыккан. Анын негизинде бөлүм башчы жумуштан алынып, 690 сом берип документтер кайра жасалып берилди. Алты кызматкер дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды”, — деди Кенекеев.

Ал  “Учкун” ачык акционердик коому биринчи жолу мамлекеттик буюртманы аткарып жатканын жана буга чейин аттестаттарды жеке компаниялар жасап келгендигин кошумчалады.

Эске сала кетсек, буга чейин аттестаттардагы каталар боюнча Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы кылмыш ишин козгогон.

“Среднюю реднюю” учуру аттестаттагы жалгыз ката эмес. Буга чейин “жөнүндө” деген сөздөгү “н” тамгасы “ң” болуп өзгөрүп калган. “Он окончил школу” деп жазылып, кыз бала эркекке айланып кеткен учур да болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости