www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия Кыргызстанга жылына кошумча төлөмсүз 1.1 млн. тонна мунай заттарын сатып жатканын, андан Кыргызстан 2 млрд. доллардай пайда көрүп жаткандай элес калат. Бирок Кыргызстанда Орусия компаниялары сатып жаткан мунай заттарынын баасы өтө жогору, ага караганда Казакстанда бензин арзан деген маселе парламентте, андан кийин өкмөттө көтөрүлгөн. Мына ошондон кийин кыргыз өкмөтү Казакстандан мунайзаттарын сатып алуу боюнча сүйлөшүү жүргүзө баштаган. Июнь айында вице-премьер-министр Замир Аскаров жакын арада Казакстандан кошумча төлөмсүз бензин сатып алуу боюнча келишимге кол коюларын, ал жалаң гана темир жол аркылуу ташыларын билдирген.

Казакстан менен мындай келишимге жетишилсе, ал Орусиянын Кыргызстанда монополдук шартта иштеп жаткан Газпром жана Роснефть компанияларынын кызыкчылыктарына зыян келтириши мүмкүн.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости