www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Колдон келсе интернеттен купуя жеке сырларды жазышпай эле койгон жакшы. Желедеги ар бир аракет сакталып калат. Ал тургай браузерди тазалап, жеке каттарыңызды өчүргөн күнү деле. Мындай пикирдеги Жек Шафер менен Марвин Карлинстер, “Атайын кызматтардын жагымдуу методикасын жандырабыз” аттуу китебининде жазып кетишкен.

Анда атайын кызматтар сиздин жеке маалыматтарыңызга кандай кырдаалда, кантип ээлик кылып аларын жазышкан.

Кызык бекен, анда  кыскача берип кетели:

  • Сайтка кирүү, кат алышуу, фото/видео көрүү сыякттуу сиздердин интернеттеги баардык аракетиңер түбөлүккө сакталып калат. Каалоо болсо ал аракеттериңердин картасын түзүп чыкса дагы болот. Желеде кандайдыр бир кадамга барардан мурда бул айтылганды эстеп койгула. Балким баштапкы оюңуздан айнып калат чыгарсыз.   
  • Өчүрүлгөн катты бир нече айлардан кийин деле ачып окууга болот. Анткени, алар интернет-серверлерде көпкө чейин сакталып жата берет. Мына ушул желедеги сактоолор, адамдар тууралуу жагымсыз маалыматтарды ачып салат. Сотко жоопкер катары чакырылган, кайсы бир СМС каттын авторлору мындай кырдаалды баштарынан өткөргөнү аз эмес. Практика көргөзгөндөй алардын баары эле интернеттеги баардык издерин өчүрүп, тазалап коюу менен жок кылганына ишенимдүү жүргөндөр.
  • Смартфонду бузуп кирүү мүмкүнчүлүгү жогору. Азыр интернетте сунуштар көп: кызыкттуу толгон-токой оюндар, керектүү программалар. Бул жакшы болгон менен артында эмне турганын ойлонуп көрүңүз. Ошондуктан керектүү маалыматтарды, жеке маанилүү фото-видео жазууларды смартфондо сактабай эле койгон туура.  
  • Өтө эле ачык тартылган (+18) видео же фотолорду алмашпай эле койгон дурус. Ал керек болсо жубайлар, түгөйлөр болгон күнү деле. Кийинки убактарда андай көрүнүштөр социалдык желелерде көбүрөөк чыкчу болду. Бул айрыкча түгөйлөрдүн ажырашып кетишкенден кийинки бири-биринен өч алуунун жолуна айланды.
  • Электрондук даректеги каттар өмүр бою сакталарын, ал турсун анда алар өз жашоосун андан ары улаарына ишенесизби?...

Анда мындай, эгер өтө зарыл болбосо, сизге бейтааныш жактардан келген каттарды ачпаганыңыз дурус. Андай көпчүлүк каттарда вирустар кошо кирет да сиздин атыңыздан тааныштарыңызга вирус рассылкаларын жибере баштайт.

  • Социалдык түйүндөргө өздүк фото-видеолорду жүктөй берүү деле ашыктык кылат. Андагы бөлүшүү, көчүрүп алуу функцияларын эске алганда, кимдир бирөө сизди каралоо максатында, жакшынакай фото-видеоңузду тескери өңүттө пайдаланышына жол ачып коесуз. Балким сиз көпчүлүккө белгилүү адамсыз же келечекте белгилүү болуп дагы кетишиңиз мүмкүн, ошондо азыркы социалдык түйүнгө жүктөп жаткан фото-видеоңуз сизге зыян алып келиши мүмкүн. Ойлонуңуз!

Эгер интернетке азыраак убакыт короткон болсоңуз, акылдуулук кылган болосуз. Социалык түйүндөрдөгү ашыкча эле баарлашуунун жыйынтыгы көптөгөн түйшүк жаратат.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости