Путин Атамбаевдин досу болгон эмес. Путин Орусиянын президенти Атамбаев Кыргызстандын президенти болуп, эки мамлекет өнөктөш болгондуктан, дипломатиялык мамилелерди сакташ керек эле.
- Атамбаев мындай дипломатиялык мамилелерди сактай алдыбы? Жок! Үркүндүн 100-жылдыгына жана ошол кезде болуп жаткан Көчмөндөр оюнуна келген Владимир Путинди протоколдон тышкары баса калып өпкүлөп, бүт дүйнөгө Кыргызстанды уят кылды.
- Путин эгер Атамбаевдин чын эле досу болсо президенттен кеткен соң досуна болушмак. Ал Бельяниновдун сунушу боюнча бир ирет кабыл алды: «Өлкөдө тынчтыкты сактайлы” – деп, бирок аны Атамбаев укпаган соң колун шилтеп койду. Досу болсо, жолугушчу жер үйүндө болмок.
- Атамбаев президент кезинде 2017-жылы жайында Сочиге барып Путиндин кабыл алуусунда болот. Ал эмес белгилүү журналист Сыягүл Караман Путинден кыскача маек да алган. Ошол маегинде Путин айткан: «Атамбаев өжөр саясатчы, өз кызыкчылыгын эч кимге бербейт» -деп.
- Сочиде Путин менен жолугуштум деген ой менен, ага таянып Атамбаев ЕврАзЭСтин ортосунда будуң-чаң чыгарып, ал кездеги Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев менен акыйлашып, ал чек араны жаптырууга аргасыз болгон.
- «Досу» Путин чырга аралашкан эмес. Атамбаев дипломатияны сактаса Назарбаевге оңураңдап катуу кетпей эле, дипломатиялык тил менен түшүндүрсө болмок.
- Жөндөн-жөн эле казак «баурдастар» беребиз деп турган 100 млн доллардын кереги жок деп чыккан. Чынында Кыргызстан үчүн бериле турган 100 миллиондун президенттен кеткен соң Атамбаевге эмне кереги бар эле.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»