www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Бүгүн, 2019-жылдын 30-майында КМШ өлкөлөрүнүн  ички иштер министрлеринин кеңешинин катардагы отурумуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Джунушалиев Ташкент шаарына барды. Бул тууралуу ИИМдин Басма-сөз кызматы билдирди.

Ташкентте өтө турган кеңешмеге  Азербейжандын, Армениянын, Беларусиянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын, Тажикистандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын ИИМдин делегациялары, андан сырткары КМШ мамлекеттер-катышуучуларынын аймагындагыуюшкан кылмыштуулук жана кылмыштардын коркунучтуу түрлөрү менен  күрөшүүнү координациялоо боюнча бюросунун өкүлдөрү катышат.

Катышуучулар көптөгөн маселелерди талкуулашат, анын ичинде- КМШ өлкөлөрүндөгү кылмыштуулуктун абалы, баңгизаттарды жайылтуу, курал-жарактарды сатуу, терроризм, улуттар аралык кылмыштуу топтор жана экстремизм менен күрөшүү сыяктуу кылмыштуулук менен күрөшүүдө мамлекеттер аралык программаны ишке ашыруунун жүрүшү. Андан сырткары, кеңешменин мүчөлөрү КМШ өлкөлөрүнүн ички иштер министрликтеринин кызматташуусундагы  приоритеттүү маселелери менен кылмыштуулук менен күрөшүүдө мамлекеттер аралык программаны ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашат.

Кеңешменин жыйынтыгында ар тараптуу кызматташууну бекемдөө максатында иштелип чыккан министрликтер арасындагы эл аралык документтерге кол коюшат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости