www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Борбор Азияда бийлик Кыргызстандан тышкары дээрлик авторитардык нукта. Ошондуктан, Борбор Азияда өмүрү өткүчө бийлик башында турган өзгөчө “конституциялык монархия” тибинде “демократия” түзүлгөн. Алсак:

1. Сапармурад Ниязов менен Ислам Каримов түбөлүк бийликте болушуп, экөөнүн бийлигин табыт гана ажыратты.

2. Аскар Акаев, Курманбек Бакиевдер Борбор Азиядан алыска кетишкен.

3. Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев Башмыйзамдын негизинде мөөнөтү жеткен соң демократиялык жол менен кетишкен.

4. Нурсултан Назарбаев мыйзамдан тышкары төрт ирет президент болуп, отуз жылга узакка отурган соң 2019-жылы 19-мартта ордун бошотуп берген. Бул жолго Эмомали Рахмон түшүшү мүмкүн, анткени өз уулун борбору Дүйшөмбүгө мэр кылып, президенттикке таптап келатат.

Президенттер бара турган «даңгыр жолдор» ушулар. Нур - Султан шаарында өткөн Евразиялык биримдиктин мааракелүү жыйынында Нурсултан Назарбаев ардактуу орунда отурду. Владимир Путин менен келишпестиктен улам жакында эле Бээжинде болгон жыйындын аягын күтпөй кетип калган Лукашенко Назарбаевди даңазалап өттү. Назарбаев сөз сүйлөп өзүнүн Казакстандын «көрүнбөс жетекчиси» экени сездирип турду.

Кыргызстанда болсо президенттиктен кеткен соң, анын артынан «кара көлөкө» түшүрүү кийинки бийликтин милдети болуп бараткандай. Учурунда бийлик башында туруп, аздыр-көптүр кыргыз мамлекетинин өнүгүшүнө салым кошушкан Акаев, Бакиев, Отунбаевалар Атамбаев бийлик башында турганда ур-токмокко алынса, бүгүнкү учурда мурунку президент Алмазбек Шаршенович эски коллегалары менен камыр-жумур боло албай, өзү алардын таз кейпин кийип, мурун жасап келген тескери иштеринин «туткуну» болуп калгандай.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, “NazarNews.kg

Последние новости