www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Турсунбек мырза, Атамбаев экс-президенттердин кол тийбестигии аныктаган мыйзам өзгөргөн үчүн КСДП төрагалыгынан да, партиянын курамынан да кеттиби?

- Ал шьштоо. Атамбаев мыйзамды уккандай таасир калтырууга аракет кылганы менен ал бул кадамга аргасы жок, айласы жок барды. Анткени, партиясынын кадыр-баркы, ынтымагы да кетип, тарпы чыкты. Ал аз келгенсип Адил Турдукулов менен Алга Кылычов чабышып, «тиги кетсин, бу кетсин» деп ич ара бөлүнө башташты. Партия ичин-деги ушундай жагдайлар Атам-баевди партия төрагалыгынан жана партия мүчөлүгүнөн кетүүгө шарт түздү. Бирок ыйлай турган, адамдын боору ооруй турган абалга өзү жеткирди.

- Экс-президенттин укугун чектеген мыйзамдар эми Атамбаевди жоопкерчиликке тартылышына шарт түзүп койбойбу?

- Мен Атамбаевдин партиядан кеткени менен укугу чектелди деп ойлобойм. Анын партияда турганы жана партиядан чыгып кеткени эч кандай мааниге деле ээ эмес. Бирок, жоопкерчилик маселесинин алкагында ой жүгүртө турган болсок, Батукаевди бошотуу операциясынын башында Атамбаев турганы ачыкка чыга баштады. Башкача айтканда, Батукаевдин иши боюнча тергөө жанданып, тийиштүү далилдердин баары Атамбаевге такалып жатканы ага чоң сокку болду. Бектур Асанов менен Кубаныч Кадыров да Атамбаевди жоогасо тартуу боюнча тийиштүү фактыларды жарыялашты.

Ошондой эле ТЭЦте да анын катыштыгы бар экени айтылууда. Мына ушул жагдайлардын баары Атамбаевдин тагдыры түрмө менен байланышта болорун далилдей баштады. Эми кылган ишин мойну менен тарта турган жагдай жакындап калганда, анын тарапташтары бийликке доомат коюп, ыгы келсе-келбесе да ага болушуп, каралай баштаганы орунсуз. Бул бийликке доомат койгондон мурун Атамбаевден өч алуу максаты жок экенине таң бериш керек. Эгер өч алуу максаты болгондо Атамбаев кызматтан түшөр замат камап, өз билгенин кьшмак. Атамбаевчилер "саясый куугунтук" деп доомат койгондон мурун азыркы бийлик айкөлдүк кылып жатканына ыраазы болушу керек. Өч алуу максат болгондо аны мынчалык чалчактатпайт болчу. Эбак эле камамак.

- Атамбаевди Батукаевдин ишине байлаганыбыз аша чалкандык эмеспи?

- Ал иштин башында Атамбаев турбаганда Батукаев бир күндө бошоп кетпейт болчу. Эми кайпалактабай жанданган иштин аягына чыгарыш керек. Ошондой эле Батукаевдин мыйзамсыз бошоп кеткенине калыс баа берип, адилет чечим чыгарыш керек. Атамбаев күнөөлүү болсо, Атамбаевге тийешелүү чечим чыгарыш керек. Эгер мен күнөөлүү болсом мага тийиштүү чечим чыгарып, мындай ишке жол бергендерди аябаш керек. Мыйзам баарына бирдей болууга тийиш.

Булак: "Азия ньюс"

Последние новости