www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Азиз Батукаевдин иши боюнча камалган дарыгерлерди коргоо митингинин артында Мухаммедкалый Абылгазиевдин кайын эжеси “Эргене” фондунун башчысы Таалайгүл Сабырбекова турат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Евгения Строкова билдирди.

Анын айтымында, саламаттык сактоо министрлигиндеги оптималдаштыруу системасына каршы дарыгерлердин митингинде, ошол убакта башка митингчилер камалган бирок, соттоло элек дарыгерлерди колдоп чыгышкан.

“Аталган акциялардын уюштуруучуларынын бири – “Эргене” фондунун төрайымы Таалайгүл Сабырбекова. Ал Саламаттык сактоо министрлигинде саясат жүргүзүүнү өз милдети катары эсептөө менен өз адамдарын кызматка коюп келет. Азыр бизде кандай (?), күйөөсү  “серый кардинал” болсо аялы да, көшөгө артында башкаруусу керекби?”, - деп айтты депутат.

Эл өкүлү кошумчалагандай, Таалайгүл Сабырбекова Улуттук онкология борборунун камкордук кеңешинин курамына кирет. “Ал онкологиялык кызмат менен алектенгендиктен, бул жерде кызыкчылыктардын карама-каршылыктары болуп жатат”, - деп айтты депутат.  

Булак:NazarNews.kg

 

Последние новости