www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Тажик президенти Эмомали Рахмондун улуу баласы  - Рустам Эмомали бир канча күн мурда уулду болуп, наристенин ысымын чоң атасынын атынан Эмомали деп коюшту.

“Муну менен Тажик президенти хан тактысын  түбөлүк менчиктештирип 20 жылдан кийинки Эмомали Рахмондун келишине даярдыктарды көрүп жаткан жокпу?”- деген суроо туулбай койбойт.

Дүйшөнбү шаарынын мэри, 31 жаштагы Рустам Рахмондун  экинчи уулу. Анын улуу баласынын аты – Анушервон. Тажикстандын президентинин –7кызы (Фируза, Озода, Тахмина,Парвина, Рухшона, Зарина жана Фирзона) жана эки уулу (Рустма жана Сомон) бар. Эмомали Рахмондун эң улуу кызы  -  Фируза 44 жашта жана эң кичүүсү баласы Сомон 20 жашта.

Рустам Эмомали 2009-жылы “Ширин” кондитердик  фабрикасынын ээси Мустафо Давлатовдун жээнине баш кошкон. Давлатовдор өлкөдө эң   таасирдүү үй –бүлөлөргө кирет.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости