www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Кыргызстандын тышкы карызы 4,5 млрд. долларга жакын. Анын ичинде бир эле Кытай мамлекетине 1,7 млрд. доллар карызыбыз бар. 1992-жылдан 2018-жылдын декабрына чейин Кыргызстан башка мамлекеттерден жалпысынан 10 млрд 99 миллион доллар алган. Анын ичинен 2 миллион 854 миллиону грант болсо, ал эми 7 миллиард 244 миллиону насыя.

Анын айтымыңда, учурда республиканын тышкы карызынын жалпы суммасы 4 миллиард доллардын тегерегинде. Ошолордун ичинен коомчулук кооптонгондой эле Кытайдын карызы биздин өлкө үчүн чоң коркунуч жаратып турат. Бул тууралуу депутат Акылбек Жапаров “Кыргызстан буга чейинки алган карыздарын өз убагында эле төлөп келе жатат. Коомчулукту кооптонткон карыз — бул соңку 4-5 жылдын ичинде Кытайдын экспорттук-импорттук банкынан алган 1 миллиард 700 миллион доллар. Аны төлөй келгенде 2 миллиард 200 миллиондон ашык акча болот. Бул карыз алынып жатканда саясый эмоция менен чечим чыгарылып калган. Анткени 2 млрд үчүн 20 жыл абдан аз убакыт.

Экинчиден, өлкө экономикасы үчүн олуттуу орду бар Ош—Бишкек жолу, жылуулук тармагы жана «Датка-Кемин» долбоору эгер насыя көрсөтүлгөн убактысынан бир саат, бир күн кечиктирилип төлөнсө, Кытай тарапка өтүп кетет дегенге макулдук берилип калган. Башкача айтканда, ушул үч объектини кытайлар алып, иштетип калышат. Үчүнчүдөн, соттук иштер Гонконгдо, кытай тилинде, ошол мамлекетгин соода-сатык палатасынын эрежелери менен жургүзүлөрүнө макулдук берилген. Ушундай катаал шартка карабай учурда Кыргызстан карызды өз убактысы менен төлөп келе жатат жана келечекте бул насыядан чыгашасыз кутулабыз деп ишенебиз” деп массалык маалымат каражаттарына маалымдады.

Булак: "Азия ньюс"

Последние новости