www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Пушкин “Мен өзүмө эстелик тургузуп кеттим” деген ырында кыргыздарды эскерет. Кыргыздарды кимдер эскербеген. Быйылкы жылдын эң оор кырдаалы кыргыз-якут кагылышуусу болду. Сардананын кызматка келери менен эле улут аралык кагылышууну токтотуу милдети жүктөлдү. «Кыргызстандык мигранттар якутиялык келинди зордуктады» деп жергиликтүү эл көтөрүлүп, мигранттарды сабап кирген. Миңдеген адамды тынчтандырыш үчүн Сардана Борбор Азиядан агылган миграцияны чектей турганын билдирип, кагылышууну улут аралык эмес, экономикалык деп  мүнөздөп, жаалданган топторду таркаткан.

Якутиянын борбору Якутск шаарынын башчысы түбү кыргыз Сардана Авксентьева тууралуу макала чыкты. Талдоочулар Сардана мэрликке Орусияда сейрек кездешкен калыс шайлоо менен барганын айтышат. Алгач ирет шайланган аял мэр ар дайым учакта эконом-класс менен учуп, мамлекеттик бюджетти максатсыз пайдаланган аткаминерлерди иштен айдап, мэрияга таандык кымбат баалуу «Тойота» машинесин сатып ийип, жөнөкөй эле автоунаага отуруп, бийликтегилерге өрнөк болуп жатканы социалдык медиада кызуу талкууланып жатат. Советтик доордон бери эле келе жаткан аял-эркек теңдиги деген үгүттөргө карабай, Орусия дагы эле эркек үстөмдүк кылган коом экенин, кара костюм-шым кийгендердин арасынан аялдарды сейрек эле учуратса болот. Авксентьева алгач шайлоого жөн салды эле катышып, жасалма талапкердей көрүнгөн. Бийликтеги партиянын кысымы күчөгөн сайын ал улам чыйралып, эч кандай тоскоолдуктарга карабай, эл арасында чогулуштарды өткөрүп, жарнамаларын жөнөкөй жүк машинелердин үстүнө жайгаштырган. Натыйжада шаар башчылыкка ал атаандашынан 8% оозуп чыгып шайланган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости