www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөнүн эң коопсуз делген шаарларынын рейтинги түзүлдү. Анын алдыңкы үчтүгүнө Япониянын эки шаары кирген. Англиянын Economist Intelligence Unit деген компаниясы жыл сайын түзүлчү дүйнөнүн эң коопсуз делген шаарларынын рейтингин жарыялады.

Ал рейтингдин сап башын Токио ээлесе, экинчи орунду Сингапур, ал эми үчүнчү орунду Япониянын Осака шаары ээлеген. Рейтингге 57 көрсөткүч менен бааланган дүйнөнүн 60 шаары киргизилген. Ал көрсөткүчтөргө санариптик коопсуздук, саламаттыкты сактоо, коопсуз инфраструктура, жеке коопсуздук сыяктуулар кирген.

Рейтингдин ондугунда жогорудагы шаарлардан сырткары Амстердам, Сидней, Торонто, Вашингтон, Копенгаген, Сеул жана Мельбурн да бар.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости