www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Музыканттын тажиясында күйөрмандары маркумдун табытын ачып, чечинтип салышты. Алар музыканттын өзү экендигине ишенүү үчүн маркумдун денесиндеги татиуровкаларын издешкен.

Белгилүү музыкант Анж Дидье Хуан Африканын батышында жайгашкан Кот-д'Ивуар мамлекетинде таасирдүү адамдардын катарында болгон. 33 жаштагы музыкант 12-августта автокырсыктан каза болгон. Абиджан шаарынын стадионунда анын фанаттары үчүн маркум менен коштошуу зыйнаты уюштурулган. Айрым фанаттарына бул да аздык кылып, алар музыканттын жакындары гана барган көрүстөнгө барып алышкан. Алар табытты ачып, маркумду чечинтип, анын денесин ары-бери оодарып татиуровкасын издешкен. Полиция кызматкерлери фанаттарды көздөн жаш агызуучу газ менен атып кубалоого мажбур болушкан.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости