www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр Абылгазиев туугандарын чогултуп алып кимге эмне кызмат берем деп сынай баштайт.

-Эки жерде эки канча?- дейт айылдаш тууганы, аракечтин тукуму Алмаз Кулматовдон.

-Үч.-дейт Кулматов.

-Сарамжалдуу экенсиң. Экономикага жооп берген менин кеңешчим бол .- дейт Абылгазиев.

- Эки жерде эки канча? - деп таякеси Медет Ирсалиевден сурап калат:

- Беш. - дейт Ирсалиев.

-Берешен экенсиң, соцфондго барып пенсия тарат. -дейт Абылгазиев.

-Эки жерде эки канча? – дейт кудасы депутат Каныбек Иманалиевден.

-Төрт.- дейт Иманалиев.

-Акылдуу экенсиң, акылдуулар парламентке  барышчу эле. Эмкиде да депутатка бар. - дейт Абылгазиев.

-Эки жерде эки канча? –деп бажасы Иманкадыр Рысалиевден сурап калат.

-Сиз канча десеңиз ошончо.- дейт бажасы. Абылгазиев сүйүнүп кетет экен.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости