www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Быйылкы окуу жылында президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын "Газпром" ишканасы салган мектептин лентасын кести. Компания Бишкектин бир сотыхы 1 миллион доллар турган 3,7 гектар жерин бекер алган. Анан мектеп салып өткөрүп бермек. Жерди бекер алып, мектеп салып туруп кайра өздөрү алып алды. Мына куйтулук.

Эми ар бир бала 22 миң сом төлөп окууга тийиш. Бир да кыргыз класс жок. Анан ошол жерге барып президент жалындуу сүйлөп жатат. Ал арада Нарын районунда 3 контейнерди коюп мектеп ачып, облус жетекчилери майрамдашты. Мына тамаша. Намыстын жоктугу. Андай болсо, "Газпромго" жерди бекер бербей сатканда бир миллион доллардан 37 чакан мектеп курулмак.

Биздин жетекчилердин элди, улутту ойлобогон маңкурттугу ушуга алып келип жатат. Эми жерди бекер алып мектеп салып алган "Газпром" ишканасы окуучуларды акча төлөтүп пайдага туйтунганы жатат...

Булак: "Фабула"

Последние новости