www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


10 жылга эркинен ажыратылган прокурор 3 жылдан кийин жатак абакка чыкты. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын билдиришинче, Баш прокуратуранын тергөө башкармалыгын мурунку жетекчиси Кылычбек Арпачиев 2019-жылдын 17-июлунда жатак абакка которулган. Ал учурда Беловодск айылындагы №45 мекемеде жазасын өтөп жатат.

Эске салсак, Баш прокуратуранын тергөө башкармалыгын мурунку жетекчиси Кылычбек Арпачиев 2015-жылдын 25-мартында өз кабинетинде пара алып жаткан жеринен кармалган. Ал экс-депутат Карганбек Самаковдун уулунан 300 миң доллар талап кылып, анын бир бөлүгүн, тактап айтканда 100 миңин алып жатканда кармалган.

Кылычбек Арпачиев 2016-жылдын 28-июнунда Бишкектин Биринчи Май соту тарабынан 14 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакта жазасын өтөө менен эркинен ажыратылган эле. Ал эми Бишкек шаардык 2019-жылдын 13-февралында мурунку прокурордунжаза мөөнөтүн 10 жыл кылып кыскарткан.

Прокуратуранын мурунку бул кызматкери тоок уурдап 10 жылга кесилсе, ал жатак абакка которула алат беле же жокпу деген ой жаралат. Пулуң болсоң кулуңмун деген ушул да. Анын жатак абакка которулуу үчүн акча бергенин колунан кармап алган жокпуз, бирок куру аякка бата жүрбөйт дегенди булар бизге караганда жакшы билет да...

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости