www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Австралиянын Жаңы Түштүк Галлер (NSW) провинциясындагы Белонгил жээгинде акуланын кол салуусуна дуушар болгон серфер ооруканага жаткырылды.

NSW Полициясынан берилген маалыматка караганда, Byron Bay аймагындагы Белонгил жээгинде эртең менен жолдоштору менен серф кылган бир кишинин акуланын кол салуусуна дуушар болгону белгиленди.

Жээктен орто эсеп менен 15 метр алыстыкта болгон окуяда бутунан жаракат алган 41 жаштагы адамдын, серф тактайынын үстүнө жатып алып жээкке жектени билдирилди.

Серф спортчусунун жолдошторунан Дейн Дэвидсон, тез жардам тик учак келгенге дейре серф тактайынын жиби менен бутун таңып кан агууга бөгөт коюга аракет кылды.

Жээктеги тез жардамдан кийин жаралуу серфердин Gold Coast университетинин ооруканасына жаткырылганы белгиленди.

Бул кол салуудан кийин атуулдарга NWS Куткаруучу кызматтарынын эскертүүлөрүн эске алуулары боюнча чакырык салган коопсуздук бөлүмдөрү, аймактагы пляждардын 24 саат жабык кала турганын жарыялады.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости