www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жекшембиден дүйшөмбүгө караган түнү Москвадагы Волгоград проспектисинде болгон калайман мушташтан эки адам каза тапты. Тергөөнүн версиясына караганда, уруштун чыгышына машине жуучу комплексте иштеген жумушчулар ортосунда башталган чыр себеп болгон.

Маалымат каражаттары мушташка 10го чукул адам катышканын, алардын баары өзбекстандыктар экенин жазышты.

Орусиянын Тергөө комитети окуя учурунда тартылып алынган видеону жарыялады:

Өткөн жуманын ортосунда Госпитальная көчөсүндө болгон мушташта да ок атылып, үч киши жаракат алган. Анда 15 киши кармалганы кабарланды.

Ушул эле апта ичинде Печатники районундагы "Неолит" кафесинин жанында 50дөй киши катышкан уруш катталганын "МК" басылмасы жазды. Гезит өз булактарына таянып кабарлагандай, бул мушташтын чыгышына азербайжандыктар менен чечендердин ортосундагы этникалык себептерден улам уланып келаткан чыр себеп болгон. Уруш учурунда ок жаңырып, кафенин ичи жана кожоюнунун автоунаасы талкаланган. Төрт адам жаракат алганы он эки киши кармалганы маалымдалган.

Булак: "centralasian"

Последние новости