www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Австралиядагы Westpac Banking Corporation алдыңкы банкынын өкүлдөрү токойдогу ири өрттөн мамлекеттин экономикасына канча чыгаша алып келгенин эсептеп чыкты. Бул тууралуу чет элдик булактар жазды.

Маалыматка караганда, адистердин эсебинде өрттүн кесепетинен Австралия 3,5 миллиард АКШ долларына барабар зыян тарткан. Көбүнчө залака туризм менен айыл чарбасына тийген.

Мамлекеттин ички дүң продукциясы 0,5 пайызга кыскара турганын банк кызматкерлери  айтышты.

Учурда Westpac банкына камсыздандыруу маселеси менен 10 миңден ашык адам кайрылганы айтылат.

Эске салсак, өткөн жылдын сентябрь айынан бери токтобой жаткан тилсиз жоодон миллиондогон гектар жер, баш-аягы 1200 турак жай күйүп кеткен.  

Булак:NazarNews.kg

Последние новости