www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин жетинчи башкармалыгынын мурунку кызматкери Бакыт Матмусаев кыргыз тилдүү “Азия Ньюс” гезитин сотто утуп алды. Бул тууралуу Адиль Турдукулов билдирди.

Белгилей кетсек, Турдукулов маалымат ресурстарынын коомдук коргоочусу болчу. Анын айтымында, мурунку милиция аткаминери өзү жөнүндө гезит чыгарган бир нече материалдарга таарынып, ага жалаа жапкан деп эсептейт. Ал өзүнө келтирилген моралдык зыянды 10 миллион сомго баалап, арыз менен Октябрь райондук сотуна кайрылган. 

“Сот арыздын талаптарын жарым-жартылай канааттандырды. Гезит 15 миң сом төлөп берүү өкүмүн чыгарды. Гезит кайра соттун чечимин карап чыгууну суранабы же жокпу, азырынча белгисиз”, -дейт Адиль Турдукулов. 

Эске салсак, буга чейин “Азия Ньюс” гезити буга чейин вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана ИИМ министри Кашкар Жунушалиев менен соттошуп, экөөнөн тең утулуп калган. Гезит аларга ар бирине 1 миллион сомдон төлөп бере турган соттун өкүмү чыккан болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости