www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы курорттордун мыктыларынын бири «Жыргалаң» болчу. Ооба, «болчу» дегенди жаңылып жазган жокпуз, эми «болбой калганын» белгилей айттык. Бир кезде аталган курорттун атагы алыска кетип, эс алуучулар, дарылануучулар төгөрөктүн төрт бурчунан келип, бул курорттун суусунун жакканына аябай ыраазы болуп кетишээр эле. Ал кезде курорттун имараттарынын бардыгы заңгырап таптаза, адамдар баскан жолдору түз, таза, берген тамактары даамдуу дегендей, анан адамдарды дарылаганы мыкты эле да! Курортту далай жыл Жапаров Сапарбек деген кесиби врач адам башкарып турган. Анан ал авариядан каза болгондон кийин анын уулу Жапаров Байрам Сапарбекович директор болуп калган. Бул кишинин кесиби тарыхчы экен, анан кантип директор болуп алганын киши билбейт. Баласына кошулуп энеси да курортту башкарышып алган...

Жапаров Байрам өзү Бишкекте жашап, курортту бир-эки аялга башкартып, кези менен бул жакка келип көзөмөлдөп, алчусун алып турат. Курортту башкарууну билбейби же билгиси келбейби, ал башкарып турган убакта курорт таптакыр өз атына жооп бербеген эле бир жер болуп калды. Куророттун аймагына толо Жапаровдун малы жайылып жүрөт, жалгыз аяк жолдору аң-чөнөккө айланган, жаанда баткак, имараттардын абалы эң начар, оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес, иштеген кызматкерлеринин кебете-кешпири да талаптагыдай эмес. Күн санап курорттун жылуу суусуна толгон адамдар келип түшүп турат. Киши башына 70 сомдон акча төлөнөт. Ошол кирешенин көбү курорттун эсебинен кыйгач өтүп Жапаровдун, бухгалтеринин жана башка башкарып жаткан адамдарынын чөнтөгүнө түшөт. Адамдар жуунган суу тазаланбаган бойдон түз эле барып Ысык-Көлгө куят! Бул деген айбанчылык?! Тез аранын ичинде сууну тазалап туруучу жайды оңдош керек. Дүйнө жүзү келип жайкысын эс алып кетчү, кыргыз эли үчүн эң бир ыйык эсептелген ыйык көлүбүздү чалчыкка айлантууга кенедей да акыбыз жок! Курорттун 10 гектардан ашык алма багы бар. Ал жер Жапаровдун малы жайылчу жайлоого айланган, алмаларынын түшүмү кайда кетип жатканын эч ким билбейт. Курорттун дал маңдайында курортко тиешелүү кабат үй бар. Ал каралбай калган. Ит-куш кирип-чыгып кейпи кеткен. Бул курорт Кыргыз Республикасына караштуу курорт эмес, Байрам Жапаровдун бүлөсүнүн, энесинин жеке менчик курорту болуп калган. Жок, биз аша кеткен жокпуз, абалдын туурасы ушундай! Биз 2016-жылдан бери эле тиешелүү жерлерге курорттун начар абалы жөнүндө жазып келе жатабыз. Жыйынтык чыкпай келди. Анан быйыл Кыргыз Республикасынын профсоюздар федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакуновго жаздык эле, ал жактан курортту текшерүүгө комиссия келди. Комиссия келгенде курорттун жетекчилиги аларды киргизбей жатып араң киргизишкен. Баса, милийса менен араң киришти. Комиссия текшерип, курорттун ичиндеги кемчиликтерди, финансылык мыйзам бузууларды таап чыгыптыр. Ошонун жыйынтыгы менен Жапаров Байрам кызматтан алынат деп уктук. Кызматтан алышса эң туура чечим болот. Мамлекеттик курортту өз менчиги кылып алган неме кызматтан алынганына оңой менен эле көнө коймокпу, азыр айласы кетип туш-тушка арызданып, чоң жерлерге кайрылып жардам издеп жатыптыр...

Жапаровдун Генпрокуратурада иштеген уулу бар экен. Мына ошол ар кандай аракеттерди көрүп, эми Генпрокуратура тарап Кыргызстан профсоюздарынын профсоюздар федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакуновду коркутуп жатат деген кепти угуп жатабыз. Эмне Генпрокуратура ишинин ойронун чыгарып кызматынан алынган адамдарды коргоочу жайга айланганбы?! Жок, Генпрокуратуранын антүүгө кенедей да акысы жок! Мыйзамды сактаган башкы орган ал жолго барбайт дагы деп ойлойбуз! Муну да айта кетпесек болбойт: ишинин баш-аягы жок директор Жапаровду Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары колдойт экен. Мейли, ал жакшы иштеп жатса колдосун, анан иши тескери немени депутаттар эмне үчүн колдойт? А балким бир нерсе жеп алышканбы? Эмне үчүн колдоп жатканынын аныгы билинбегенден кийин ушундай «күдүк» суроолор туулат экен...

Акиев Иманбек,

Убалиева Света,

Абдувалиев Кубанычбек, бардыгы отуздан ашык адамдын колу коюлган Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Боз-Булуң айылы

Булак: "Фабула"

 

 

Последние новости