www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист Улан Бакиров Фейсбук баракчасына “Азаттыктын” иликтөөсү тууралуу өз оюн билдирип жазып чыкты. Анын жазгандары толугу менен төмөндө:

Азаттыктын иликтөөсү 100 пайыз бейтарап болду дегенге мен дагы кошула албайм. Дароо эле сөккөнгө шашпай, эмнеге экенин эринбей окуңуз... (анан пикирге кошулбасаңыз сөгө бериңиз)
Иликтөөдө негизинен уйгур тектүү ишкерлер Айеркен Саймаити, Хабибулло Абдыкадырдын акча чыгарып кетүүдөгү махинациялык иштери даана көрсөтүлгөн. Алар бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов менен алакада болушканы да түрдүү жоромолдор менен айтылды. Маселен Матраимовдорго тиешелүү болгон фондго которулган акчаны, Айеркен Саймаитиге Хабибулло Абдыкадыр айтып, буйрук бергени ачыкталды. Бирок ушул уйгур тектүү ишкерлердин, тактап айтканда Хабибулло Абдыкадырдын мурдагы президент Атамбаев менен болгон мамилесине, иликтөөдө тыкыр орун берилген жок. Таш башыңарга түшсө да Атамбаев күнөөлүбү дешиңер мүмкүн, бирок бул жерде иликтөөдө эске алынышы керек болгон далилдерди келтирип кетейин:
Атамбаевдин үй-бүлөөсүнө тийиштүү болгон “Форум” ЖЧКсын 2017-жылы 100 пайыз акциясын 1991-жылы туулган Субихи Пархатти деген жаранга кайра каттаткан. (Бул туурасында Эдил Байсаловдун иликтөө материалын көрсөңөр болот) Ушул эле Субихи Пархатти ээлик кылган “Хуасинь” ЖЧКсы Терек-Сайдагы сурма кенди иштетүү аукционду утуп алган. Ошол эле аукционго “Ака минералз энд майнинг” фирмасы да катышып утулуп калган. Эми ойлонуп көрөлүчү 26 жаштагы Субихи Пархати Атамбаевден миллиондогон капиталы бар “Форум” ишканасын сатып алууга акчасы бар беле? Албетте жок. Ал жөн гана “подставной” адам болгон. (Айрым маалыматтар боюнча Субихи укук коргоо органдарына мындай бай Форум деген компанияга ээ болуп калганын интернеттен окуп таң калганын айткан.) Ал эми негизинен бул фирмалардын башында Хабибулло Абдукадыр турган. Башкача айтканда “Ака минералз энд майнинг” фирмасынын көмүскөдөгү ээси, Хабибулло Абдукадыр Атамбаевдин “Форум” ЖЧКсын каттатуу үчүн 26 жаштагы Пархатини колдонгон. Муну Атамбаев ушул жылдын жай айларында Кой-Таштагы хан сарайында өткөрүп жаткан митингде да мойнуна алган. Азаттыктын журналистти Токтосун Шамбетовдун “Форум” ишканасын Пархатиге саттыңыз беле десе, жок анын шефи Абдукадырга саткам деген. Ошол эле интервьюда Атамбаев Абдукадырдын мечит салууга көмөктөшкөнүн да айткан болчу. Бирок эмнегедир бул фактыларга Али Токтакуновдун иликтөөсүндө орун берилген жок. Анын оордуна Али Токтакунов Хабибулло Абдукадыр менен Атамбаевди Сооронбай Жээнбеков тааныштырганына токтолгон. Тааныштыруу ким тарабынан кандайча болгонун ачыктаганы жакшы, бирок эмнеге андан аркы Атамбаевдин уйгур тектүү ишкер Хабибулло Абдукадыр менен болгон алакасы ачылган жок? Эмнеге Атамбаевдин мечитине Хабибулло Абдукадыр кандайча акча которуп бергенин ачыктаган жок? Же бул фактылар Азаттыктын иликтөөсүндө маанилүү фактор болгон жокбу? Менимче Айеркен Саймаитинин өлтүрүлүшү жана Кыргызстандан чыгарылып кеткен миллиондор туурасында сөз болуп жаткан соң, Атамбаевдин “Форум” ишканасын уйгур тектүү Пархатиге каттатканы, анын шефи делген Абдукадырга мечит салдырганы маанилүү фактор болчу. Анткени ошол эле Айеркен Саймаити Хабибулло Абдукадырдын акча которгучу болуп жатпайбы? Айеркен Саймаити Матраимовдордун фондуна акча которгондой эле балким Атамбаевдин мечит салуусуна да акча жеткирип жүргөнбү деген суроо да туулат. Бул суроолор тилекке каршы Али Токтакунов тарабынан раматылык Саймаитиге убагында берилбептир же берилсе дагы эфирге чыгарылган жок.
Дагы бир көңүл бура турган жагдай убагында Атамбаевдин жакын адамы болгон, мамлекеттик резиденцияны башкарып кийин Түркияга башкы консул болуп дайындалган Эркин Сопоковдун дип номурлуу унаасын Саймаити өмүрүн акыркы мүнөттөрүндө минип жүргөнү. Албетте бул укук коргоо органдары тарабынан кандайча болгону алдыда ырасталаар, бирок ошончолук иликтөө кылган соң, Саймаити кандайча дип номурлуу Сопоковдун унаасына отуруп калганын сураштырып коюу же жок дегенде аны баса белгилеп коюга болмок. Ойлонуп көрсөңүз... Атамбаев уйгур тектүү ишкер Хабибулло Абдукадырга мечит салдырганын өзү айтып жатса, ошол эле учурда ал дайындаган башкы консул Эркин Сопоков Хабибуллонун акча которгучу Саймаитиге дип номурлуу унаасын берип жатса... Кантип эле бул дал келүүчүлүктөр Азаттыктын журналисттерин ойго салган жок.
Мындан улам мен, Азаттыктын бул иликтөөсүнө Атамбаевчилердин кандайдыр бир жардамы тийгенби деп шектенем. Антпесе Али Токтакуновдун колуна документтер кайдан тиймек. Бажыда 2011-жылдан бери болуп келген жашыруун коррупциялык схеманы Атамбаев билген жана аны “сливать” этти. Анын үстүнө Алмазбек Атамбаевдин азыркы бийликке карата негизги компроматтарынын бири “Раим миллион” болчу. Бул жерде Саймаити алардын куралы болду. Алгач Саймаитинин атын аташып, андан соң ал оюндан чыгып калып, ага карата кылмыш иш козголгон соң, өздөрүнө тартты. Ошонтип Саймаити Матраимовдорго болгон компроматтарды ачыктап берди. Антпесе Саймаити жыргап байып жаткан кудугуна жөндөн жөн түкүрөбү?
Дагы бир эске алчу жагдай, бул иликтөө 22-ноябрда түнкү саат 12:30да чыкса, абакта отурган мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков, таң атаар менен иликтөөгө жардам берем деген мааниде кат жазып жибериптир. Бул жерде абакта отуруп, азаттыктын ютуб каналындагы көрсөтүүнү дароо кантип көрдү деген логикалык суроо бар. Бирок бул дагы маанилүү эмес, ал Азаттыкта сөз болбой калган ошол Абдукадыр ээлик кылган “Ака” фирмасы коопсуз шаар долбооруна катышуу үчүн мага аны Жээнбеков жиберген деп айыптап жиберди. Сапардын каты ММКларга дароо жетип, кошул ташыл болуп эле жатып калды. Эми ойлончу мекендеш.. бул ойлонуп пландалып жасалып жаткан маалыматтык чабуул эмесби???

ПС: Бирок кандай болгон күндө да бул иликтөө бажыдагы коррупциялык схеманын бетин ачып жатканына ыраазычылык билдирем. Матраимовбу же башкасыбы баары жооп бериши керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости