www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маалыматтык чабуул, журналисттик иликтөөлөр жана компроматтардын агылып чыгышынын жыйынтыктоочу максаты – бул коомдук-саясий туруксуздукту, элдин бийликке болгон ишенимин төмөндөтүү болуп саналат.

Аны менен элдин нааразычылыгы пайда болот, нааразычылык митинг жана баррикадаларга, баррикадалар кагылышуу жана революция алып келет. Революция өлкө экномикасынын сыркоосуна, хаоско жол ачат. Кыргызстан өз башынан эки революцияны өткөрдү. Андагы бийликтин алмашуусунан учурдагы бийлик сабак албаптыр.

Ар бир революция үй-бүлөлүк башкарууга каршы,  элдик бийликти орнотуу идеясы менен ишке ашат. Бирок, ар бир бийлик мурдагы биликтин эле кейпин кийип, чыга келет. Дүйнөнүн ар тарбындагы революциялардын бирден-бир себеби – бул дүйнөлүк улуу державалардын ал аймактагы ресурстарына көзөмөл кылуу иш аракетинен улам жүзөгө ашат.

Албетте, мамлекеттик системадагы коррупция кечээ эле пайда болгон жок. Мамлекеттик структуралар менен криминалдын аралашып кетиши, аткечилик жол менен накталай акчалардын чет-өлкөгө чыгарылышы бүгүн башталган кыңыр иш эмес. Ал эми сырткы кызыкдар күчтөр бул жагдайды өзүнүн пайдасына чечип, ошол кемчиликтерди кайра эле ошол бийликке карата багыттай тургандан кайра кайтпайт.

Кландуулук, трайбализм, криминалдын мамлекеттик органдар менен аргындашып кетиши – бул коомдук-саясий кырдаалдын курчуп кетишине түрткү болот. Тилекке каршы, өлкө жетекчилиги жогоруда саналган жагдайлар өздөрүнүн эле бийлигине кайра кара муштум болуп кайтып келээрин  түшүнбөй жатат.

Сырткы күчтөр үчүн жаңы көйгөйлөрдү издеп, табып деле кереги жок, алар болгону кырдаалды карайт, изилдешет анан жөн гана элдин аң сезимин “ойготуп” маалымат чабуулун коет. Дүйнөлүк оюнчулар аталган көйгөйлөрдү чечүү максатын көздөбөйт, аны чечүү алардын кызыкчылыгында эмес. Алардын максаты – геосаясий кызыкчылыктарынын позициясын кандай жол менен болбосун коргоо жана бекемдөө, башка атаандаштарына үстөмдүк көрсөтүү болуп саналат.

Мисалы, Ирактагы согуш. Анда алгач америкалыктар Саддам Хусейндин бийлигин тактыдан кулатып, өлкөдөн биологиялык куралды табуу болгон. Жыйынтыгында Саддам Хусейн тактыдан түшүп, өлтүрүлгөн, Ирак болсо дүйнөдөгү эң кооптуу өлкөгө айланды. Ал учурда Ирактын мунай заты (нефть) казылып, сатылгандыгы токтогон жок, болгону алардын кожоюндары алмашты. Ирактагы согуштун бирден-бир максаты элди азаттыкка алып келүү жана диктатордун бийлигин кулатуу эмес, Ирактын мунайзатына ээлик кылуу жана Жакынкы Чыгышта башаламандык орнотуу болгон.

Ошондой эле оюн эрежеси Ливияда колдонулган. Баягы эле “диктаторго каршы күрөшүү”, жергиликтүү оппозицияны чыңдоо, башаламандык жана бийликти кулатуу. Сырткы күчтөр өз пайдасын мунайдын кендери сыяктуу бонустар менен алып, дагы бир кооптуу аймакка ээлик кылган. Аны хаосто башкаруу же болбосо башкарылуучу хаосту жаратуу деп коёт.

Тилекке каршы, бийликтин компетенттүүлүксүздүгүнөн жана геосаясаттагы чабалдыгынан, өлкөдөн чыгарылып кеткен мыйзамсыз миллиондорго байланышкан компромат оюндарынан улам биздин өлкө жаңжалдын чордонуна айланып калды. Ооба, коррупцияга байланышкан мындай актуалдуу теманы көтөрүү чындыгында адилеттүү жана акыйкаттуу.

Бирок, бул ЖМКдын максаты бир гана айтып, жайылтуу эмес, ошол эле учурда элдин аң сезимин ойготуу жана каршылык эмоцияларды жаратуу болуп эсептелет. “Азаттык” жана бир катар басылмалардын артында чет элдик чалгындоо кызматынын иш аракеттери көрүнүп турат. Ал ишенимдүү түрдө россиялык же кытайлык кызматтар эмес. Ал батыштын чалгындоо кызматы.

Анын жыйынтыктоочу максаты “Раим миллион” анан калса Сооронбай Жээнбеков дагы эмес, “Азаттыктын” карамүртөздүгү таң калтырды. Көрсө алар жаңы материалды жарыялоо үчүн Саймаитинин өлүмүн күтүп турушкан экен. Эч ким өзүнө эмнеге кытайлык ишкер Саймаити бардык документтерди берип салгандыгына кызыгып көргөн жок. Ким аны мажбурлады же буйрук берди? Кантип эле Саймаити анын бардыгын өз эрки менен кылды? Же ал батыштын чалгындоо кызматынын капканына түшүп, алардын тапшырмасы менен материалдарды “Азаттык” менен бөлүшүүсүнө туура келдиби? Ким ал документтердин жасалма эмес экендигин аныктап, көмүскө бухгалтерияны ачыктайт? “Азаттык” жана анын батыштагы колдоочуларынын маалыматтык чабуулу – бул болгону пролог, иштин башталышы.

Батыштын бул көп комбинациялуу ишинин биринчи баскычы – бийлик менен элдин ортосундагы ажырымды пайда кылуу, ишенбөөчүлүктү жаратуу жана 2020-жылдын жаз айына чейин нааразылык маанайды түптөө болуп саналат.

Экинчи баскыч – хаосту алып келүү, революциядан кийин саясий ваакум түзүү. Ал ар түркүл диструктивдүү күчтөрдүн ативдешүүсү, террордук уюмдардын, криминалдын жана жарандык согуштун жаралуусуна ыңгайлуу шарттарды түзөт. Кыргызстандагы туруксуз абал – бул бардык Орто Азия өлкөлөрүндөгү кырдаалды коопттуу жагдайга кептейт.  Биздин өлкөдөгү башаламандык учурда Россия жана Кытайга керек эмес. Себеби, Кыргызстандагы хаосту жайгаруу үчүн Кремль иш аракеттерди көрүшү керек болот. Кытайга болсо Кыргызстандагы туруктуу абал абадай зарыл. Анткени Пекиндин Кыргызстандагы биргелешкен көптөгөн инвестициялык долбоорлору бар. Жакында Кытай-Орто Азия темир жолунун курулушу пландалып жатат.  Кытайдын Борбордук Азия жана дүйнө жүзүндөгү ролунун жогорулап жатышы батыш өлкөлөрүнүн кыжырына тийип турат. Россиянын болсо аймакта өзүнүн аскердик-саясий кызматташтыгынын таасиринен улам региондогу негизги оюнчу катары өз орду бар.

Батыштын алдыга койгон максаты Кытай жана Россия бийлигинин Орто Азиядагы таасирин басаңдатуу. Бул жаатында Кыргызстан батыш чалгындоо кызматы үчүн региондогу эң чабал бута.  Тилекке каршы – бул чындык!

Азыр көбү акыйкаттуулук, күнөөкөрлөрдү кармап, отургузуу, элдин кызыкчылыгы сыяктуу сөздөрдү кыйкырып жатышат. Мунун бардыгын биз башыбыздан 2005-2010-жылдары өткөргөнбүз. Эки революция, бардыгы мурдагыдай эле, жаңы бийлик элге мурдагыдан жакшы жашоону убадалап келет, жыйынтыгында жакшы жашоого революциянын лидерлери гана жетет. Эл болсо жомоктогудай сынган арабада калат.

Медербек Коргонбаев, эксперт 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости