www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2018-жылдын 24-ноябрында Бишкек шаарында Кыргызстандын жети дубанынан атайын делегаттар катышып, курултай болуп өттү. Кыргызстандын коомдук-саясий жана мекенчил күчтөрүнүн курултайында Азимбек Бекназаров менен Эмилбек Каптагаевдин сүйлөгөн сөздөрүн берүүнү туура көрдүк.

Урматтуу делегаттар, урматтуу чакырылган коноктор! Кыргыз элинде башканы коюп, Манасты айт — деген таасын сөз бар. Эл башы, журт, өлкө башчысы болушкан президенттер жөнүндө сөз болгондо, элибиздин ушул таасын сөзү ар дайым менин көңүлүмдө турат. Мен деле Манасты ырдаган Ырамандын ырчы уулундай, президенттерди мактап, даңктасам дейм, бирок ачуу турмуш көрсөтүп келе жаткандай ал мага буйрубай, тескерисинче президенттерди сындоо, үстүнөн кол тийбестигин алуу, аларга кылмыш иш козгоо, вазийпасы жүктөлүптүр, же мен Ырамандын ырчы уулундай эмесмин, же президенттер Манастай боло албай келишет. Бүгүн да эки президенттин ишмердүүлүгүнө баа беребиз деп турабыз.

Чынын айтайын бийликте, аракетте турган президентке сын, баа берүү жөнүндөгү докладдан мен деле качтым, себеби кыргыз саясий элитасында, айрыкча өздөрүн акылдуубуз, интеллигенттербиз деп сезген социалдык чөйрөдө бийликте турган президентке сын, пикир айтуу акылсыздык, айбандык, жок эле дегенде оппозиционер катары кабыл алынып, президенттердин кылычын чабуу, таламын талашуу, ага кошоматчылык кылуу жогору бааланып, акылдуулар катары эсептелерин мен деле билем. Ошон үчүн докладды башкалар, жаңылар, жаштар жазсын деп катуу турдум. Бирок пикирлештерим демилге көтөрдүңбү, өзүң айт — дешти окшойт. Мага жүктөп коюшту.

Урматтуу делегаттар, президентибиз Сооронбай Шариповичтин президент болуп иштегенине бүгүн туптуура бир жыл болуптур. Бул мөөнөт ичинде Кыргызстандын көпчүлүк эли, саясий-коомдук уюмдар, жеке саясатчылар да анын толук кандуу иштешине тоскоолдук кылган жок. Негизинен колдошту. Анын ичинде ушул курултайды өткөрөбүз деп демилге көтөргөн ТЭКтин активдүү мүчөлөрү, жана ал демилгени колдошуп уюштуруу комитетине киришкен саясий-коомдук, мекенчил уюмдар да бар. Муну бийлик талашкандардын курултайы дегендерге жооп кылып айтып жатам. Президент С. Жээнбековдун бир жылдык ишмердүүлүгүнө баа берүүдө, мен сиздердин көңүлүңүздөрдү бир нече олуттуу жагдайларга бурууну туура деп таптым. Алар: биз бүгүн кандай мамлекетте, коомдо жашайбыз? Президент С. Жээнбеков кандай мамлекетке, кандай коомго, кандай саясий күчтөрдүн колдоосу менен президент болуп шайланды, ушул жагдайлар. Буларды олуттуу дегеним, президенттин бир жыл ичиндеги жана кийинки кадамдары, так ушул жагдайларга байланыштуу. Менин жеке пикиримде, биз саясий экономикалык жактан туруксуз, алсыз, президенттин мыйзамсыз жеке бийлиги бекем орногон, мамлекеттик бийлик бутактары өз функцияларын мыйзам менен эмес, президенттин, анын жакындарынын көрсөтмөсү менен иштеп көнгөн, ага кызмат кылган, коррупцияланган мамлекетте жашап жатабыз, жана С. Жээнбеков ушундай мамлекеттин башчысы болду. Экинчиден президенттердин жеке бийлигин тааныбаган, кезеги келгенде алар менен саясий күрөшкө чыгып, жеңе билген, бийликтен алда качан үмүттөрү үзүлүп, өзүн өзү баккан, эркиндикти сүйгөн саясий духу күчтүү элге, жана дал ушундай баатыр эл жашаган коомго ажо болду. Үчүнчүдөн С. Шарипович, 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик жеңиштен кийин Кыргызстанда орногон парламенттик башкаруу системасын мыйзамсыз бузуп, иш жүзүндө бардык мамлекеттик бийликти узурпациялап, жеке президенттик башкарууну орнотушкан, саясий күчтөрдүн, экс- президент Атамбаевдин түздөн-түз көрсөтүүсү, колдоосу менен шайлоодо жеңүүчү деп табылды.

Булак: "Майдан" гезити

Последние новости