www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Дональд Трампка АКШнын мурдагы президенти Джорж Буш-улуусу дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты деп билдирет президенттик аппараттын маалымат кызматы.

«Америка Кошмо Штаттарынын мурдагы президенти, дүйнөлүк масштабдагы чыгаан саясатчы жана дипломат Джордж Буш-улуусу дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана өз атымдан Сизге, жалпы Америка элине, Джордж Буш-улуусунун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Орду толгус оор жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз», — деп белгиленет Мамлекет башчынын көңүл айтуу телеграммасында.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости