www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги белгилүү саясатчы, коомдук ишмер Азимбек Анаркуловичке байланышып, митинг элдин бийликке койгон талабы тууралуу баарлаштык.

 -Азимбек мырза, президент Сооронбай Жээнбеков  митингдерге маани берип, андан   жыйынтык чыгарышы керекпи же реакция кылбай койсо маселе өзү чечилеби?

 -Бийлик чечкиндүү кадамдарга барбаса мындай митингдер көбөйө берет. Бүгүнкү күнү кытайдагы кыргыздардын укугу боюнча митинг болсо, эртең конституциялык реформаны баштабай жатат же “Кумтөрдү” денонсация кылбай жатат деген темада митинг болот. Анткени, “Кумтөр” көп жылдан бери кыргыз коомчулугунда чоң көйгөйдү жаратып, коомчулуктун көңүл борборуна алынып калган. Ошондуктан президент элдин толкундоолорун токтотом десе, ал элдин пикирин эске алып, элдинталабын аткарышы керек. Кытайдагы кыргыздардын укугун коргоо тууралуу КРнын Акыйкатчысы Токон Мамытовдун сүйлөгөнү такыр туура эмес. Токон Мамытов Кыргызстандын ичиндеги жарандардын бузулган укугун коргойт. Ал эми чет өлкөдөгү кыргыз жарандарынын өкүлдөрүн Кыргызстандын бийлиги тактап айтканда, Тышкы иштер министрилиги аркылуу алардын укугун коргоого милдеттүү. КР Акыйкатчысынын Кытайдагы болуп жаткан саясый кырдаалга тийешеси жок. ТИМ бул жерде чет өлкөдөгү кыргыздардын укугун коргоо аракет жасап, эл аралык укуктардын негизинде аракеттениши керек. Анткени, Кытайдын ички саясаты менен бир эле кыргыздар эмес, уйгурлар, казактар башка элдердин укуктары да бузулган фактылар дүйнөлүк деңгээлде айтылып, дүйнөлүк саясатка айланып бара жатат. Ошого Кыргызстандын бийлиги дагы Кытайдын саясатына дүйнөлүк деңгээлде мамиле кылышы шарт.

-Президент Жээнбековго Атамбаевдин тирешүүсүндө мамлекеттик кызыкчылык жатабы же жеке кызыкчылык барбы?

-Кыргызстанда жеке кызыкчылык, жеке тиреш менен ызы чууларга көнүп албадыкп. Социалдык тармактарда ошонун айланасында эле сөз болуп жатат. Негизи Кыргызстандын кызыкчылыгы, мамлекеттин келечеги, конституциялык реформа, “Кумтөргө” байланыштуу маселелер артта калып кеткени өкүндүрөт. Мисалы үчүн биз, 24-ноябрда Алмазбек Атамбаевдин барагын жапканбыз. Биз үчүн Атамбаев жок. Эгер ага бийлик кылмыш ишин козгойбуз десе тийиштүү укук коргоо органдары бар. Кылмыш ишин козгойбу, козгобойбу алардын өздөрүнүн иши. Ал бизди кызыктырбайт. Биздин ишибиз азыркы президенттен мамлекеттин келечеги үчүн маанилүү чечиле турган маселени чечип беришин талап кылуу.

-Рахмат.

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости