www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө. Жыйында инвестициялык фонддордун иштеринин маселелери боюнча, “Билим берүү жөнүндө” мыйзам долбоору, "Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө” мыйзам долбоору жана башка маселелер талкууланат. Социалдык фонддун төрагасы Ирсалиев Медер алгач бардык депутаттарды жаңы жылы менен куттуктап, «Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү камсыздандыруу төгүмдөрүн кечиктирип жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн эсептелген финансылык санкцияларды жана туумдарды төлөөдөн бошотуу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 30-ноябрындагы № 2027-VI токтомунун 2-пунктун ишке ашыруу максатында даярдалган.

Аталган жыйында социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиевдин маалыматы угулду.

Ал мыйзам долбоорунун максаты - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн финансылык-экономикалык абалын турукташтыруу болуп саналарын билдирди.

Мыйзамдын негизги өзгөчөлүгү 2008-2016-жылдары каралган. Дыйкан чарба, фермерлерге салынган туумдарды 100% карыздарды төлөө жагы каралууда, эгерде карызын дыйкан төлөсө, туумдарды алып салууну көздөп жатабыз. Буга 5 жылдык мараторий киргизип жатабыз. Болжол менен 200 миллиондун айланасында чогулат деп жатабыз. Ушунун негизинде негизги карыздар өндүрулөт деп белгилеп жатабыз, - дейт Ирсалиев. "2020-жылдан тарта финансылык санкциялар менен туумдарды эсептен чыгарууга 5 жылдык мораторий жарыялоо керек. Анткени камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн арасында санкциялар менен туумдар баары бир кечилет деген туура эмес түшүнүк калыптанып калышы мүмкүн.Ошого карабастан аудит жыйынтыгында белгиленгендей, каржылык карыздар 2018-жылдын 1-январына карата 405,9 миллион сомду түздү", - деди Ирсалиев.

Депутат Токторов Алмаз бул мыйзам долбоорун колдоп берүүнү депутаттардан өтүндү.

Тиллаев Табылды салыкты эмне үчүн төлөбөй жатышат деген суроону Ирсалиевге узатты. Ошондой эле ал мамлекетте бере албай турган карыз толтура экендигин белгиледи. Жарандарыбызга келечекте тариф саясатын карап, мамлекеттик ишканаларга карыздарын жоюууга мүмкүнчүлук берүү керек экендигин айтты.

Ал эми, эл өкүлү Назаров Айтмамат Токой фондунда кеңири токтолду.

- Токой фондунда иштегендер "качан ижараны төлөйбүз?" - деп арендаторлор сурап жатышат. Мен жерине барып, ижара төлөнбөй жатканын билип келдим. Бүгүнкү күндө алар пенсияга чыккан жок. Мен Базар-Коргон, Ноокен районунда болдум,-  деген суроосуна Ирсалиев Медер жооп бере алган жок. Депутат Ирсалиевге жерине барып келүү сунушуна ал "макул, бирге чечели" деп жооп берди.

Эске салсак, Соцфондко Пассажирлер Ассоциациясы 22 миллион карыз, ошондой эле, "Скай-Бишкек" Авиакомпаниясынын ири өлчөмдө карызы бар.

Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg

Последние новости