www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мектепти  агайлардан алып берип,

Этектеп эжейлерге салып бердик.

Эжейсиз иштер бүтпөй мектепте эч,

Эркектер иштеп калды барып келип.

 

Этектүү көйнөк кийген ак жоолукчан,

Эжейлер мектептерге толуп алган.

Агайлар алар менен жүрө берип,

Калпакчан «эжей» атка конуп алган.

 

«Калпакчан эжей» атка конуп алып,

Калп эле эжейлердей болуп алып.

Агайлар аял сымал жүрө берет,

Кез-кезде жүз граммдан согуп алып.

 

Он бир жыл эжейлерден билим алган,

Окшошуп эркектерче кийип алган.

Окууну кыз мүнөздүү балдар бүтөт,

Орусча сөгүнгөндү билип алган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости