www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Семирип кыйналбайын десеңиз...

Жашоодо айрым бир бактылуу адамдар болушат, канчалык көп конфет, шоколад, торт, печенье ж.б. баарын жесе да өзүнө кичинекей май топтобой дене түзүлүшүн ошол бойдон сактаган. Алар калктын 0,01%ын гана түзүшөт. Ал эми башкалар бул макаланы окуп алса зыяны тийбес.

БИРИНЧИ КЕҢЕШ. Күндү алгач белоктуу тамак-аш менен башташ керек. Анткени ал май алмашууну жөнгө салат. Мисалы, эртең мененки тамакка сууга бышкан жумуртканын агын жесеңиз түштө тооктун этин сууга кайнатып этин жеп, сорпосун ичсеңиз болот. Андан тышкары бир кесим нан менен майлуу эмес быштак,-жашылча жана соянын суусун ичүү пайдалуу. Айтмакчы соя ашказандын кислотасын жакшы иштетип тамак сиңирүүнү жолго салат.

ЭКИНЧИ КЕҢЕШ. Суудагы гимнастика пайдалуу жана жагымдуу. Бассейнге барып сууга түшүү, сууда бийлөө да арыктоого эң сонун шарт түзүп берет. Кургак жерде жасалган кыймыл эффективдүү. Ошол эле учурда суу гимнастикасы муундарга да жакшы пайдасын тийгизет. Сууда кургактыкка караганда адамдын салмагы демейдешден он эсе жеңил болот. Ал тургай сууда бир орунда чуркоо да пайдалуу.

ҮЧҮНЧҮ КЕҢЕШ. Капустанын дагы арыктоого пайдасы зор. А1, А жана С витаминдерине бай. Денени бекемдеп, ашыкча майларды жоюп адамды алда канча жеңилдетет. Капустадан чийкилей салат жасап же өзүн эле жесе да болот.

ТӨРТҮНЧҮ КЕҢЕШ.Үй жумуштарын аткаруу да арыктоого эң чоң жардам берет. Бир саат үй жумуштарын жасоо 250ккалды жок кылаарын билесизби? Он мүнөт тепкичтерде басуу 100ккалды жок кылат. Ошондуктан көп эле лифтке түшө бербей жөө басууга аракет жасаңыз.

БЕШИНЧИ КЕҢЕШ. Көп эле олтура бергенди унуткула. Столго аз олтуруу да ден-соолукка пайдалуу. Эгер кимде ким арыктоону кааласа анда ал курсагы өтө ачканча жүрө берүү болбойт. Себеби ачкалык организмди алсыратып, стресстин гормондорун пайда кылат.

АЛТЫНЧЫ КЕҢЕШ. Цитрус өсүмдүктөрү, өзгөчө лимон арыктоого эң жакшы салым кошот. Анткени анда аскорбин кислотасы бар. Аскорбин кислотасы кандагы холестериндин деңгээлин азайтат. Эгер цитрус өсүмдүктөрүнөн аллергияңыз жок болсо каалаганча жей берүүгө болот

ЖЕТИНЧИ КЕҢЕШ. Демейдеги колдонгон кара чайдын ордуна көк чайды ичүүгө болот. Алгач анын даамы башкача сезилгени менен бара-бара көнүп, даамдуу, жагымдуу сезилип калат. Көк чай адамды ашыкча салмактан арылтып май жыйноого жол бербейт.

СЕГИЗИНЧИ КЕҢЕШ. Муздак сууга жууну керек. Жок эле дегенде эртең мененкисин бир маал муздагыраак сууга гель менен жуунуга болот. Ошону менен кошо катуураак щётка менен сүрүнүп жуунуу керек. Ал адамды жылуулайт, ошол эле учурда дене бекем болуп чыга келет

ТОГУЗУНЧУ КЕҢЕШ. Адам бир түнкү уктоодо 400грамм салмакты жоготот. Ал эми арыктайт элем деп эле уктай берүү жарабай турганын эсиңизден чыгарбаңыз.

ОНУНЧУ КЕҢЕШ. Тамак ичкенден кийин жок эле дегенде жарым саат ары-бери басып алуу керек. Анткени кыйналууга ошону менен эле бирге толуп кетүүгө да жол берилбейт. Анан дагы шаңдуу компания менен олтуруп тамактануу да пайдалуу.

ДИЕТА КАРМОО Негизинен адам баласы 30 жаштан кийин толо баштайт. Врачтын айтуусу боюнча бул жаш өткөн сайын пайда болуучу денедеги татаал зат алмашуунун бузулуусунан келип чыгат. Ар кимдин тубаса жашоосу, табити, ден соолугу ар башка, ошон үчүн тамакты мүнөздөп ичүүнү чечкендер сөссүз түрдө врачтан кеңеш алганы туура. Себеби жанды кыйнап узак убактар бою жүрүп түшүрүп алган салмакты кайрадан бир заматта "калыбына келтирип" алууга болот.

Автор: Айчүрөк ЖООМАРТОВА

Булак: "Багыт.kg"

 

Последние новости