www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казак-кыргыз чек арасындагы посттун мурунку жетекчиси чек арадагы коррупция тууралуу айтып чыкты. Ал ошондой эле Мамлекеттик чек ара кызматынын башында тургандар кошуна мамлекеттер менен чектеш аймактардагы көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде иштеген кызматкерлерден «үлүш» алып турарын, түзүмдүн ичинде жазылбаган мыйзамдар бар экенин, кызмат орундары да акчага сатыларын айтты.

“Бир кызматтан экинчи кызматка которулган чек арачы сөзсүз акчасын берип, анан которулат. Муну түздөн-түз видеого тартып алган факты жок. Бирок бул нерсе болуп жатат. Жөнөкөй заставада иштеген чек арачынын акчасы жок болсо бербейт да. Бул чек аранын өткөрүү бекеттеринде болот. Ошол жерде иштеген бирөө акчаны топтоп командирге берет, андан ары Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасына жетет. Ошондой схема, чынжырча бар. Мага жогорку окуу жайларын бүтүп келген офицерлер келип кайрылышат, «менин ордума акчасы бар бирөө дайындалды» деп. Бул туура эмес”, - деди Мамлекеттик чек ара кызматынын офицери Талгат Аланов.

Алановдун билдирүүсүнөн  кийин эле Мамлекеттик чек ара кызматынын аймактык башкармалыгынын кызматкерлери да басма сөз жыйынын өткөрүп, Алановдун дооматтарын четке кагышты. Мекеменин Ош облусу боюнча башкармалыгынын штаб башчысы Адылбек Сейдалиев «акча чогултулат» деген сөздөр жалган экенин билдирди.

Эске салсак, мындан эки жыл мурун, тагыраагы 2017-жылы Талгат Аланов казак-кыргыз чек ара кызматынын “Актилек-Автодорожный” көзөмөл пунктунун башчысы болуп иштеп турган кезде иштен алынган. Ошондо Аланов казак-кыргыз чек арасындагы күйүүчү майдын аткезчилиги тууралуу чындыкты айтканы үчүн кызмат ордунан алып салышты деп айтып чыккан. Бирок, чек ара кызматы ал маалыматты четке каккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости