www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттеги “Кыргызстан” фракциясынан жаңы эле бошонуп, үшкүрүп бүтө элек  Баатырбеков Алмазбек Конституциянын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри кызматына дайындалды. Биринчиден, Түндүк-Түштүк тең салмактуулугун сактоо үчүн биринчи вице-премьер-министр кызматына Ат-Башынын кулуну, Шакинин классташы Баатырбеков Алмазбектин келгени бышык. Экинчиден, Баатырбеков кыргыз саясатына эч кандай баатырдык кыла элек. Ал ким эмне айтса “ляппай” деп айтканын аткарат. Азыр ушундай өз позициясы жок адамдар өтө керек. Үчүнчүдөн, парламенттик шайлоодон “Кыргызстан” партиясы кайрадан өтүп келсе Баатырбеков биротоло биринчи вице –премьер болот. Эгер “Кыргызстан” фракциясы чалынып кала турган болсо, учуп бараткан Баатырбековду асмандан издеп калышыбыз мүмкүн.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости