www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Республика-Ата-Журт” фракциясынын Караколдо болгон көчмө жыйынында Өмүрбек Бабанов социалдык көйгөйлөрдөн кеп салып, анда Балыкчы-Корумду унаа жолу боюнча тендерди өткөргөндөр жооп бериши керектигин айтыптыр болчу. Ошондой эле аталган маселени Парламентте да көтөрүп чыгуу зарыл деп кошумчалаптыр эле.

Өмүкенин ыргыткан ташы Темир Сариевдин короосуна түшпөй, түптүз башына тийген көрүнөт, дароо “Фейсбук” соцтармагындагы баракчасы аркылуу жооп кылды. Анда Темике азыр дагы, өкмөт башчы болуп турганында дагы өзүнөн мурда иштеп кеткендерди жамандабаганын, тескерисинче дайыма алардын, анын ичинде Бабановдун жасаган иштеринин жакшы жактарын гана көрүүгө аракет кылганын айтыптыр. Бирок, анын бүгүнкү кадамына таңданып турган Темике: “Кыязы, Бабанов коомчулук берген анын алдындагы суроолордон ушундай жол менен көңүлдү башка жакка бурам деп ойлоп жатса керек. Албетте, анын үй-бүлөсү Кыргыз-Орусия Өнүктүрүү Фондунан жеңилдетилген 17 млн доллар алган насыянын айланасындагы чуу боюнча ага пресса менен элдин көңүлү көп бурулуп жатканы жакпайт”,-деп жазат.

Эч нерсе боло элек жатып, президенттик такты кызгангандай түр көрсөткөн Өмүке эми өзү да таш менен башка жеди окшойт. Ошентип эсеп 1:1 болуп теңелген кези…

Булак: Эгемен.кж

Последние новости