www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындан он жыл мурун нерв системасынын оорушу менен алышып, чыгармачылыгына чекит койгон Андрей Губин бир нече айымдын кумири. Ал жараткан “Лиза”, “Түн”, “Мени менен бол”, “Бий”, “Жылдызга окшош кыздар” аттуу ырлары бүгүнкү күндө да өз угармандарын жогото элек. Ырчынын учурдагы жашоосу кандай нукта уланып жатканын билүү максатында чакан маек курдук.

- Андрей, учурда кандай иш менен алек болуп жатасыз?

- Баштагыдай олуттуу иштер менен ден-соолугума байланыштуу алек боло албай калдым. Бул албетте мен үчүн абдан өкүнүчтүү. Оорум тууралуу алгач укканымды сөз менен сиздерге жеткирип бере албайм. Жашоом күрөш менен гана өтүүдө.

- Баштагыдан арыктап калыпсыз. Диетага олтурасызбы?

- Мен өзүм тамак жасабайм. Мурда кафелерге баш багып тамактанчумун. Азыр болсо андай жок. Үйгө жакын тамак саткан ашканалардан тамак сатып алып ичем.

- Доктурларга тез-тезден баш багып турасызбы?

- Жок, алардын эшигин сегиз жылдан бери какпайм. Менде эмне болуп жатканын алар түшүнө алышкан жок. 40 миң доллар акчамды бергем жыйынтык жок. Бир жыл үйдө жаттым, китеп окудум, андан кийин велосипед тээп өзүмдү алаксытып көрдүм. Мына ошондон кийин өзүмө келип, баары жакшы болуп калды.

- Узак убакыт Египетте жашап жүрдүңүз эле. Эмнеге кайра мекениңизге кайтып келдиңиз?

- Москванын ызы-чуусунан качып, үч жыл мурун Египетке кеткем. Бир айга 150 доллар акы төлөп бассейни менен батирди ижарага алып жашадым. Жыл мезгилдерине жараша туристтер көбөйгөн маалда ижараны абдан көтөрүп мени кыйнашты. Мына ошондо гана өз мекенимден өтөөрү жок экенин сездим. Өз үйүмө келдим. Жан дүйнөм каалагандай кылып оңдоп-түзөө иштерин жазадым. Бүгүнкү күндө да өз үйүмдө күн көрүп жатам. Египетте жүргөндө ыр жаза алчу эмес элем. Азыр болсо ыр жаза алам.

- Жумушчу? Жашоо үчүн акча керек го...

- Мен он жыл тынымсыз иштегем. Тапканым баарына жетет. Биздин радиостанцияларга ыраазычылыгымды билдиргим келет. Себеби, алар менин жазган ырларыма автордук укук боюнча акы төлөшөт. Ар ай сайын 250 долардан акча алам. Тамак жегенге, спорт залга барганга жетиштүү. Эс алуу үчүн акчамды чачпайм. Мен жалгызмын... Адамдар менен мамиле түзүп, алардын тынчын алгым келбейт. Дагы бир себеп жалгыздыкка абдан көнүп калдым. Тынчтыкты сүйөм, ызы-чууну жактырбайм. Кээде үйдө жатып алып кыздар тууралуу ойлоном...

- Мына кызык... Жеке жашооңузда жаңылык бар өңдөнөт?

- Аялдар менен мамилем жок. Бирок, аларды мен абдан жакшы көрөм. Мени менен эч ким сүйлөшпөйт. Мен ар дайым кыздар менен таанышып, сүйлөшкөнгө аракет кылам. Көп убакыт узабай алар менден алысташат. Айрым учурда алдыма келип, “Андрей, сенин демөөрчүң болгум келет” дешет, бул сөздү укканда мен намыстанам...

- Өзүңүздүн жаныңыздан кандай айымды көрө аласыз?

- Эң башкысы менин башымды оорутпаса болду. Мага муза керек! Мунун ичине бир нече факторлор кирет. Мисалы, үй кожейкеси болуу, үйдү таза кармоо, үйдо өзүнө карап сулуу жүрүү, мени менен сырдашуу ж.б

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости