www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар: Жумагүл Райымжан кызынын “Сүйүү бакыты” аттуу ыры тууралуу...

Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар: Жумагүл Райымжан кызынын “Сүйүү бакыты” аттуу ыры тууралуу...

Журналист: NAZARNEWS
16.04.2017, 7:45
44443
|

Урматтуу окурмандар сиздердин алдыңыздарга NazarNews.kg маалымат сайты буга чейин дагы уурдалган жана плагиатор ырчыларды ачыкка чыгарып келгенбиз. Мындан ары да “Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар...” аттуу рубрикабызды тартуулай бермекчибиз. Бул рубрикадан сиздер кыргыз ырчыларынын чет элдик ырчылардын ырларын уурдап же плагиаттык кылып ырларды аткарып жүргөндөрүн жарыя кылабыз.

Кыргыз шоу-бизнесинде ырчылар көбөйдү. Бул жакшы нерсе. Бирок алардын арасында таланты бар таанышы жоктор четке сүрүлүп калып кетсе, кээ бир үнүн уксак коркуп кете турган ырчылар, компьютердин жардамы менен жылдыз болуп жүргөндөр да жок эмес.

Акыркы жылдары коёндой окшош ырлар көп жарала баштады. Бирок, азыр ырчысы, аранжировщиги деле ильхомго карап, эмгектенбей эле даяр ырларды уурдап, хит кылып, авторлору менен иши жок которуп ырдап жүргөндөр көбөйдү. Канткен күндө да айрым ырчылар музыкалык форма, натуралдык үндүн жана музыкалык акустиканын эрежелерин сактап жүрүшсө жакшы болмок.

Биз бүгүн назик үндүү ырчы Жумагүл Райымжан кызынын аткаруусундагы “Сүйүү бакыты” аттуу ыр тууралуу кеп кылабыз. Бул ырды Жумагүл эки жыл мурун аткарып, клиби менен бирге автору Жазира Жанболот кызы деп чыгарган. Бирок, бул ыр казак элине таандык. Тактап айтканда, ырдын автору Ербол Байырбеков. Казакстанда бул ырды Жазира Байырбекова аттуу ырчы айым 2011-жылы “Сен маған сүюді үйреттің” деп аткарып, клибин да жарыкка чыгарууга жетишкен.

Төмөндө ырдын эки варианты тең бар. Сындап, баалап алчу сиздер урматтуу окурмандар!

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg



Поделитесь с друзьями