www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ФОТО - ОшМЮИде "Ачык эшиктер" күнү

Ош мамлекеттик юридикалык институтунда «Ачык эшиктер күнү» өтүп, мында райондордогу орто мектептердин жогорку класстарынын окуучулары жана ата-энелери келишти. Алар  аталган жогорку окуу жайдын жамааты менен жолугушуп, бул жерде билим алуу үчүн түзүлгөн ынгайлуу шарттар менен жакындан таанышты. Бул тууралуу маалыматты ОшМЮИнин басма сөз катчысы Сабыр Буркашев билдирди.

Мектеп окуучуларын жылуу маанайда кабыл алган ОшМЮИнин ректору юридика илимдеринин кандидаты Эгемберди Токторов келечек ээлерин жакшы окууга багыттап, билимге умтулган жаштар үчүн институттун  эшиги дайыма ачык экендигин билдирди. Айрыкча аталган жогорку окуу жайды  бүтүргөн  юристтер азыркы мезгилде республикабызда гана эмес, өнүккөн ири өлкөлөрдө да сот-прокуратура, укук коргоо органдарында кызмат кылып жаткандыгын сыймыктануу менен айтып, жаштарга үлгү катары көрсөтүп өттү.

Институтка кызыгуу менен келген мектеп окуучуларына ОшМЮИнин жаштар комитетинин маданий иш-чараларын чагылдырган видеофильм көрсөтүлүп, таланттуу студенттердин концерттик программасы тартууланды.

ОшМЮИнин окуу тарбия иштери боюнча проректору юридика илимдеринин кандидаты Мамасалы Арстанбеков института беш илимдин доктору, кырктан ашык илимдин кандидаты болгон окумуштуу окутуучулар жана сот-прокуратура, укук коргоо органдарында көп жыл кызмат өтөгөн тажрыйбалуу адистер эмгектенерин айтып, окуучуларды жогорку окуу жайдын окуу базасы менен кеңири таанышууга чакырды.  

Андан ары окуучулар жогорку окуу жайдын  имараттарындагы компьютердик класстарда, жогорку  компютердик технологияларды колдонуу менен билим берүүчү дистанттык окуу борборунда, соттук отурумдар залында, криминалистикалык полигонунда, китепканаларда жана спорттук комплекстерде болушуп,  бул жерде эл аралык стандарттын денгээлинде билим алууга мүмкүнчүлүктөр бар экендигине ынанышты.

 

Последние новости