www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы бийлик камактан качырып жиберген Азиз Батукаев тууралуу маселе кайра козголуп, кылмыш иши ачылды. Мурдагы депутат Бактыбек Калмаматов “Де-факто” гезитине Батукаев боюнча 15-20 киши камала тургандыгын билдирди.

—Баарыбыз күнөөлүүбүз. Ошол учурдагы бийлик күнөөлүү. Ал эми бийликтин жалгыз ээси эл болгондуктан ар бирибиздин жоопкерчилигибиз бирдей болуш керек. Бийлик кандай гана кадамдарга барбасын анын жоопкерчилигин эл тартат. Демократия бул эркиндик гана эмес, жарандык жоопкерчилик дагы. Хан көтөрөөрдө жоопкерчиликтүү мамиле жасашыбыз керек. Ошол жылы Азиз Батукаевдин боштондугу боюнча Жогорку Кеңеште комиссия түзүлүп, 7 пункттан турган чечим кабыл алган. Аны Жогорку Кеңеш бекиткен. Ушул күнгө чейин ал токтомдун дайыны жок. Бул иш боюнча болободу дегенде 15-20га жакын адамды камоого туура келет, - деген "Де-факто" гезитине. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости