www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму Казакстанда 9-майда болгон нааразылык акциялары маалындагы «жапырт интернет цензураны» айыптап, өлкө президенти Касым-Жомарт Токаевди «репрессиялык ыкмалардан баш тартууга» чакырды. Бул тууралуу маалыматты Борбордук Азия жаңылыктары билдирди. 

Уюмдун расмий билдирүүсүндө айтылгандай, 9-май күнү эртең менентен бери өлкөдө «Азаттыктын» казак кызматы баш болгон бир топ маалымат каражаттарынын сайттары, ошондой эле Facebook, Telegram, YouTube жана Instagram ачылбай калган. Уюм бул сайттарга бөгөт коюулганына мурдагыдай эле нааразылык акциялар себеп болгонун белгиледи.

«Адамдардын маалымат алуу укугунун массалык түрдө чектелишин эч нерсе менен актоого болбойт. Казакстандын бийлиги реформалык багыты ишенимдүү болсун десе, мурдагы доордун мындай репрессиялык ыкмаларынан баш тартышы керек. Интернеттеги цензура — Казакстандын «Дүйнөлүк сөз эркиндиги индексинде» 180 өлкөнүн ичинен 158-орунду алып жаткандыгынын бирден бир себеби. Бул көрсөткүч өлкөнүн эл аралык имиджине терс таасирин тийгизүүдө», — деп билдирди уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча бөлүмүнүн башчысы Жоханна Бира.

9-майда Казакстанда бир катар жергиликтүү маалымат каражаттары менен укук коргоо уюмдарынын сайттарына бөгөт коюлган. Ошондой эле интернет колдонуучулар кээ бир социалдык түйүндөргө кире албай, айрымдары жалпы эле интернет менен мобилдик байланыштын үзгүлтүккө учурап жатканына даттанышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости