www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы президент Атамбаевди кармоо учурундагы генерал Курсан Асановго байланышкан окуяны байкаштыруу менен бир катар жагдайларды тактай алдым.

ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев 9 жылдан бери тыкыр иштешип келаткан генерал   атайын операцияда өзүн башка жагынан көрсөтүп койгонуна өкүнгөнүн айтты. ИИМдин көптөгөн офицерлери мындай акылсыз жорукка таң калышты.

Мен дагы Курсан Сатаровичти профессионал, өз ишинин адиси катары билем. Анын үстүнө 2017-жылы мен бир нече маектеримде ага президенттикке талапкер болуусун сунуштагам.

Бирок Кой-Таш окуясындагы генералдын аракеттерин видеодон көргөндөрдүн баарында бир катар суроолор жаралганы бышык.

Биринчи. Эмнеге ал экс-президент менен сүйлөшүү процессине буйруксуз аралашты, аны менен катар ага дайындалган аймакты башкаруусуз калтырды?

Экинчи. Эмнеге ал жерде ыкчам-тергөө тобунун сертификатталган камерасы бардыгына карабай сүйлөшүүнүн жүрүшүн  өзүнүн (кызматтык эмес) телефонуна тартууну чечти?

Үчүнчү. Эмнеге ички тартиптин  ММКларга маалымат берүү жеке басма сөз кызматы гана аркылуу болушу керек деген  эрежесине карабай видеону соцтармактарга өзү билип жарыялады?

Жана төртүнчү суроо. Эмнеге Асанов  ыкчам-тергөө тобуна бериле турчу баштыкты (негизи -буюм далил) айдоочусуна карматты, ал болсо кызматтык автоунаасына салып алып кетти?

Бул суроолордун баары табигый  шек жаратат. Мен ансыз да стресс чакырган кыйын кырдаалда  генерал мурунку шефи Алмазбек Шаршенович менен  бет келишкенде эмоцияга алдырып жиберди деп ойлойм. Кыязы Атамбаев ага мындай деди болушу керек: “Жардам бер, сураныч, баштыктын ичиндегилерди жакындарыма жеткирип бер”. Курсан Асанов гумандуу адам болгондуктан анын өтүнүчүн аткаруудан баш тартпады. Макул, айтканыңызды аткарайын, а сиз   өз эркиңиз менен колго түшүп бериңиз.

Чынын айтканда мен дагы министр сыяктуу эле окуянын мындай өнүгүшүнө өкүнүп жатам. Эгер Курсан Сатарович баштыкты Атамбаевди алып бараткан  автоунаада отурган кызматкерлерине карматса суроолор да аз болмок. Албетте, генералдын сүйлөшүүгө буйруксуз кирип кеткени көз жаздымда калмак эмес, териштирүү болмок, дисциплинардык сөгүш берилмек, бирок иш ушуну менен токтойт болчу. Акыр аягында жеңүүчү соттолбойт эмеспи.

Менин көз карашымда, Курсан Асанов генерал катары өзүнүн эреже бузууларын моюнуна алышы керек. Азырынча  кеч эмес.  

Менин кесиптешим Марс Сариев министрдин орун басарынын аракетине түшүнгөн жок. Мындай кылыкты 2010-жылдагы республиканын түштүгүндөгү трагедиялуу окуяда өлкө абалынын  турукташуусуна эбегейсиз салым кошкон генералдан көрүү кыйын болду.

Ал укук коргоо кызматтарында чоң тажрыйбага ээ офицер субординацияны бузууга жана өзүм билемдикке кайсы бир  жагдай муктаж кылгандан улам барды деп эсептейт. Кыязы ошол учурда эмоция кызматтык милдет сезимин басып кетти окшойт.

Кандай жагдай жаралган болсо да анын бул жолку абалы – орусча айтканда  “Акела промахнулся”.

Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев

Булак: NazarNews.kg

Последние новости