www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бабанов Сариевди сатып алганбы?

Амбициясына чек жок, элин эмес, өзүн жана мансапты, байлыкты жакшы көргөн саясатчылардын көбү популисттик кадамдарды, өзүнө кошомат кылгандарды абдан жакшы көрөт. Анан калса, эксперт, саясат таануучу деген сайда саны жок немелерге өзүн мактатып, элге өздөрүн укмуш адам кылып көрсөтүү маселесине да акча аябагандар арбын. Ошондойлордун ана башында Бабанов турат.

Качып кеткен мезгилдерде, өзгөчө келээрде, келип сурак берип жаткан кезде да эксперттердин эки ооз мактоо кебине муктаж болуп турду. Ал эми дүжүр эксперттер болсо дүңкүлдөтүп, БӨТтү мактап, айрымдары аша чаап, БӨӨдөи, ЧӨӨ, чуңкурдан ТОО жасашып, чурулдап эле жатып калышты. Кээ бирлери уялбай эле Бабановду өкмөт башчыга жарактуу деп, анын таманын жадап жиберчүдөй сүйлөшөт. Марс Сариев деген саясат таануучубуз көп учурда салмактуу кеп айтканга аракет кылчу эле, акыркы учурда Бабанов тууралуу чындыкка жакын келбеген, былжырак кепти айтып келет. Көп эле саясат таануучу дегендер саясатчыларды бекер эле мактай беришпейт. "Кур аякка бата жүрбөйт" - деген кепти ураан кылып алгандар да бар, - дейт "Багыт.kg" гезити.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости