www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаевди ийгиликсиз кармап, иштин баарын иритип-чиритип жиберген УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев эмдигиче төрдү бошото элек.
Мамлекеттин аброюн түшүргөн Кой-Таш операциясынан бери бир айдан ашуун убакыт өттү. Атамбаев баш болгон жоопко тартылуучулар абакта жатышат. Атамбаевдин тарапкерлери деле жоошуп калды. Бирок мамлекеттин бетине көө сүйкөп, дүйнө жүзунө шерменде кылып, президентти уят кылган Опумбаевдин эмдигиче отставкага кетпей олтурганы жакшы көрүнүш эмес.
Жээнбеков "ишти аягына чейин бүтүрүп, анан кетесиң" - деп айтты эле. Бул маселе боюнча бир топ иш бүттү. Калган ишти Опумбаевсиз деле бүтүрүшмөк. Кыскасы, коомчулукка жек көрүндү болуп калган адамдын койкоюп иштеп жатышы президеитке эч кандай аброй алып келбейт. Же Жээнбеков анын ордуна татыктуу талапкер тандай албай жатабы? Бул тууралуу "Багыт.kg" жазып чыкты.
Булак: NazarNews.kg