www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Милицияда иштечүмүн. Оңой жумуш эмес. Күндүр-түндүр эле ызы-чуунун үстүндө жүрмөй. Бир ирет “коңшуларыбыз тынчтык бербей жатат” деген чакыруу келип, шаардын чок ортосундагы көп кабаттуу үйгө бардык. Мындай чакыруулар толтура эле болот. боорукер Кептин баары аракта да. Андайда масты алып келип, бир жумадай камап салабыз.
Айткандай эле, мас экен. Күйөөсү-аялы экөө тең жапжаш кыргыздар, экөө тең мас. Ызы-чуу түшүп мушташышкан окшойт. Үй ичинин баары идиштин сыныгы. Күйөөсүнүн колун кайрып алып жөнөгөнү калганбыз, капыстан эле эшиги жабык турган бөлмөдөн добуш угулду. Карап коёюнчу деп ача салып жүрөгүм үшүй түштү.
Бөлмөдө төрт жаштардагы кыз, анан эки жаштардагы эркек бала жүргөн экен. Экөө тең мени карап алактап коркуп калышты. Мен жаш балдардын мынчалык муңдуу көздөрүн көргөн эмесмин. Эч кандай баёолук, адамды кызыгып, күлүп кароо деген жок, коркунуч гана бар. Экөөнүн тең кийимдери кир, чачтары өсүп, уйпаланган, майланышкан. Эркек баланын алдында эч нерсе жок. Ысык сууга күйгөн окшойт, буттарында сууга толгон ыйлаакчалар. – Силердин балдарыңарбы? – Ооба,- аял көңүлсүз жооп берди. – Мен силерди тынч отургула дебедим беле?!- деп кызды баштан ары чаап жиберди. Нес болуп эле туруп калдым. Кыз басып барып жерде турган табакка кашык салды да: – Кел, Нуйчик, ап де,- деп инисин чакырып ага тамак бере баштады. Тамагы кадимки эле кукси. Бала отурбай жеп жатты. Кыязы, бутундагы ыйлаакчалары ооруйт окшойт. – Бул эмне кылганыңар?! Балдардын кебетеси кантет?! – Байке, сиздин ишиңиз эмне?! Чыдамым түгөндү.
Билбейм кандай ойлойсуңар, бирок өзүмдү кармай албай койдум. Тарс эттире келинди жаактан ары чаптым. Күйөөсү жүткүндү. Аны баса калып эзелки өчүм бар кишидей жанчып салдым. Экөөнү тең эшикке сүйрөп чыгып кайра кирсем, баягы кичине кыз инисин артына калкалап “байке, уйушпаңызчы? Нуйчикке тийбеңизчи?” деп ыйлап жиберди. А бул байкуштардын күнөөсү эмнеде эле? Мен өлүп жаткан адамдарды көргөм, алардын жакындары ээ-жаа бербей өксүп ыйлагандарын көргөм.
Бирок көзүмдөн жаш чыккан эмес. Азыр бети-башы кирден ботко болуп, балалык деген эмне экенин билбей, таш боор ата-энесинин токмогун кадимки эле нерседей кабылдап, бирок ошондо да өзүнөн алсыз, кичине бир тууганына кам көрүп, аны калкалап турган кызды көрүп ыйлап жибердим. Көрсө, күчтүү адамдардын алдында ыйлайт экенбиз. Мен аны ошондо түшүндүм. Экөөнү кучактап алып ыйлай бердим. Токтоно албай койдум. Балдарды убактылуу балдар үйүнө алып кетишти. А тиги эрди-катын “бизди сабады” деп үстүмдөн арыз жазып коюшуптур. Жумушумдан алып коюшту. Мейли, өзүм деле кетмекмин, ага кейиген жокмун.
Оюм башкада болчу. Мен тиги эки балакайды таштап кете алмак эмесмин. Келинчегим колдоп, ары-бери чуркап жүрүп акыры экөөнү тең өзүмө каттатып багып алдым. Билесиңерби, мен азыр абдан бактылуумун. Кызым Анель өзгөчө боорукер, күйүмдүү жан, 1-класста окуп жатат. Уулум Нурдан апасынын жанынан карыш жылбайт. Кээде Анель “сен бизди кайра алып барып койбойсуңбу?” деп жүрөктү эзет. “Жок, эми силерди эч кимге бербейм! Силерсиз кантип жашайм?!” деп жооткотом. Азыр алар ини күтүп жатышат. Жакында төрөт үйүнө жасанып алып барабыз…
Булак:"Fakt.kg"