www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 23-ноябрда «Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынын кезектеги жыйыны болуп, «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга карата республикалык бюджет жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоору 2-окууда каралды.

Фракция лидери Бакыт Төрөбаев бул ирет келерки жылдын бюджетинин каржы булактары боюнча саясат каралаарын айтып, республиканын билим берүү тармагындагы негизги көрсөткүчтөргө токтолду.

Бакыт Төрөбаев 2005-2018-жылдар мезгилинде балдардын саны канчага көбөйгөндүгү, канча бала бала бакчага барып, канча бала мектепке кирип, анын канчасы мектепти бүтүрүп, канчасы ЖОЖго тапшыргандыгы боюнча аналитикалык сандык маалыматтар менен тааныштырды. Жүргүзгөн анализинин жыйынтыгында бала бакчаларга барган балдардын саны жалпы балдардын болгону 23% гана түзөөрү белгилүү болду. Орусияда бала бакчага барган балдардын саны жалпы балдардын санынын 50%ын түзсө, Казакстанда бул көрсөткүч 70%дан ашат. Ал эми 2016-жылкы статистикалык маалымат боюнча мектепти бүткөн 53400 баланын 28%ы гана ЖОЖго өткөн. ЖОЖдордо окуган студенттердин саны өткөн жылдарга салыштырмалуу 61000 студентке азайган. “Эгер мындай темп менен кетип отурсак, 10 жылдан кийин кандай көрүнүшкө туш болобуз? Бул өтө олуттуу маселе.  Андыктан, бала бакчага барга балдардын санын жок дегенде 50%га жеткирүү керек. Анткени, бала бакчага барган бала менен барбаган баланын өнүгүүсүндө чоң айырмачылык бар. Алдыга максат кылып, жогоруда айтылган бала бакчага баргандардын санын 50%га жеткирсек, келечекке билимдүү жаштар менен барабыз. Ал эми өлкө экономикасын билимдүү жаштар гана алып кете алат”,- дейт фракция лидери. Мындан улам Бакыт Төрөбаев келерки жылдын бюджетинин долбоорун кароодо билим берүүгө маани берип, анын ичинде бала бакчалардын курулушун каржылоо, бала бакча менен камсыздоонун мамлекеттик-жеке өнөктөштүк мыйзамынын негизинде же башка жолдор менен камсыздоо сыяктуу аракеттерди караштыруу зарылдыгын баса белгиледи.

Бир катар талкуулардан соң фракция депутаттарынын айткан сунуш-пикирлерин эске алуу менен «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга карата республикалык бюджет жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоору 2-окууда жактыруу чечими кабыл алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости